Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.02.2018 09:08

Баетов айылында 1990-жылы туулган жигиттер кичи футболдук мелдеш уюштурду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 1990-жылы туулган жигиттери тарабынан айылдын жаштары үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, 10-февраль күнү спорттук жабдыктарды алуу үчүн кайрымдуулук иретинде ар жуманын ишемби күндөрү өткөрүлүп келе жаткан мелдеш уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду 1989-жылкы жигиттер, 2-орунду 1992-жылкы жигиттер жана 3-орунду 1988-жылкы жигиттер камсыздап, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×