Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Кызыл-Белестин 9 тургуну жергиликтүү бюджеттин эсебинен Бишкектеги ооруканаларда дарыланышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл өкмөтү тарабынан айылдагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 9 жашоочу Бишкек шаарында дарыланып келишкендигин айыл өкмөттөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, 2017-жыл ичинде айылдагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга жардам берүү, алардын ден соолугуна камкордук кылуу максатында атайын жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

- Бегалиева Саткынбүбү 2-топтогу майып, социалдык жактан муктаж адам катары 2009-жылдан бери каттоодо турат. Ушул эле адам менен бирге жашаган небереси Махабат Темиракунова 2007-жылы туулган. Эки буту баспайт, майыптыгы үчүн эч жерден пенсия албай келген. М.Темиракунова энеси Кундуз менен бирге Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланып келди. Майыптыгы үчүн жөлөкпул албаган бул жарандын документтери бүткөрүлүп, жыйынтыгында 4500 сом жөлөк пул чектелип берилген. Айыл өкмөт башчы Алмазбек Абдылдаевдин жардамы менен Сокулук реабилитациялык борборуна жеткирилип, ошол жерде тарбияланып жатат;

- Элүүбай Чотуров 1967-жылы туулган, 1-топтогу майып, эки буту толук иштебейт. 2015-жылы айыл өкмөт башчысынын жеке жардамы менен Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жатып дарыланып чыккан;

- Жыргал Сурганова 1968-жылы туулган. Көптөн бери ооруп, дарыланууга мүмкүнчүлүгү жетпей жүргөн болсо, анын жолдошу Бейшен Кыдыршаев дагы 1-топтогу майып, эки көзү тең көрбөйт. Үй-бүлөлүү, 3 кызы бар. Эки кызы мектепте окуса, бир кызы алты жашта. Анын үйүндө жумушка жарамдуу адам жок болгондуктан жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, шаардык клиникалык №1 оорукананын хирургия бөлүмүндө чуркусу боюнча операция болуп, 15 күн ичинде толук айыгып келди. Азыркы учурда акыбалы жакшы;

- Жаныбек Абдраев 1950-жылы туулган, 2-топтогу майып. Өпкө, жүрөк оорусунан жабыркап келген. Бир буту кыска болуп, түз баса албагандыктан Бишкек шаарындагы республикалык ооруканадагы кардиология бөлүмүнө жаткырылып, толук дарыланып келди;

- Жоодар Сабырбеков 2012-жылы туулган. 2017-жылы Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун отоларингология бөлүмүндө дарыланып келди;

- Артыкбүбү Сталбекова 2008-жылы туулган. 2018- жылдын январь айында Бишкек шаарынын психикалык ден соолуктун республикалык борборунун сурдология бөлүмүндө дарыланып келди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1279
Көп окулду
×