Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында кичи футбол мелдеши уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылында «Шерине» аталыштагы кичи футболдук мелдеш өткөрүлгөнүн жергиликтүү тургун Анара Нусупова аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган спорттук мелдеште айыл өкмөттүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундардан куралган 4 команда беттешти. Жыйынтыгында 1-орунду мугалимдер, 2-орунду жергиликтүү тургундар, 3-орунду айыл өкмөттүн кызматкерлери камсыздашты. 1-орунду жеңген командага айыл өкмөттүн кубогу жана акчалай сыйлык ыйгарылган.

Кийинки беттеш мектеп мугалимдери тарабынан уюштурулат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1905
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×