Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.08.2018 09:15

Ак-Талаада Касымбек болуш тууралуу тарыхый китеп жарык көрдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 20-кылымдын башында чоро болуштугун түзүп, азыркы Баетов айылын негиздегендердин бири Касымбек Баатай уулу тууралуу жазылган тарыхый китеп жарык көргөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 25-августта ак-талаалык тарыхчы Ж.Байдилдеевдин «Касымбек Баатай уулу» аттуу тарыхый китебинин бет ачар аземи белгиленип, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Касымбек болуштун урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган китеп 1 миң нускада, 205 беттүү болуп чыгып, ал Касымбек Баатай уулунун 170 жылдыгына жана Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган. Аземдин жүрүшүндө тарыхчы Ж.Байдилдеев Касымбек болуш тууралуу кеңири баяндама жасап берди.

«1916-жылы Ак-Талаа элин өзүнүн акылмандыгы менен Үркүндөн сактап, кийин Чоро болуштугун түзүү менен азыркы Баетов айылынын негизделишине салым кошкон Касымбек болуш 20-кылымдын баш ченинде жашап өткөн. Элдин кат-сабатын жоюп, медресе ачып окуткан, дыйканчылык кылуу, элди акыйкаттуулук менен башкаруучулугу аркылуу тарыхта орду толгус эмгек кылган. 1916-жылы Ак-Талаа аймагын Кытайга үркүүдөн сактап калган аракеттери, эмгеги архивдик материалдар, илимий эмгектер, кол жазмалардын негизинде баяндалып жазылды. Биздин ачыкка чыга элек тарыхыбыздын чекеси гана. Дагы алдыда толтура тарыхыбыз жатат. Партиялык доордо тарыхыбыз жаап-жашырылып калган экен. Өзбекстандын, Оренбургдун, Кытайдын архивдеринде тарыхый инсандарыбыз туурасында далилдүү маалыматтар катылып жатыптыр. Бирок, аларды алуу кыйынчылыкка туруп жатат», - деди Жумагул Байдилдеев.

Китептин бет ачар аземинде маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан Касымбек болуш туурасында кыскача сахналаштырылган сценка коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×