Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.08.2018 11:15

Кара-Бүргөндүн көчөлөрүнө айылдын өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын сүрөттөрү илинди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын 60 жылдыгына карата айылдын өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын сүрөттөрү көчөлөргө илинди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айылдагы жаш активист Хамзат Таалайбек уулунун демилгеси менен айыл чарба, билим берүү, медицина жана башка иштерде кызмат өтөп, эл оозуна алынып калган инсандардын сүрөттөрү айылдын ичине илинип, Тай-Сарай чөлкөмүнөн тарта айылдын сыртына чейинки электр мамычылар кооздук үчүн сырдалды.

«Айылыбыздын түзүлгөнүнө 60 жыл болот экен. Жардам кылайын деген ой менен айылыбыздын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарыбыздын сүрөттөрүн жасаттырып келип тактырып жатам. Буюрса 23 адамдын сүрөтүн тактырдым, эми дагы 10 адамдын сүрөтү жасалып жатат. Ошол инсандардын уул-кыздары, туугандары айылга түнкү чырактарды коёбуз деп колдоп жатышат», - деди Х.Таалайбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×