Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.08.2018 15:44

Ак-Талаада Эгемендүүлүк күнүнө карата веложарыш өткөрүлөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата жаштардын демилгеси менен веложарыш уюштурулат. Бул тууралуу «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Ыман Мадиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, активист жаштардын демилгеси менен буга чейин уюштурулуп, салтка айланып бара жаткан веложарыш жаштардын ортосунда өткөрүлөт.

Веложарышка катыша турчу спортчулар Байгөнчөк айылынан тарта Баетов айылындагы Тайлак баатырдын айкелинин алдына чейин жарышка түшөт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×