Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.08.2018 16:57

Ак-Талаанын Кызыл-Белес айылындагы бала бакчага 800 миң сомдук жабдыктар алынууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы «Кадыраалы» бала бакчасына 800 миң сомдук жабдыктар берилип жаткандыгын бала бакчанын башчысы Нуржан Чотурова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган бала бакчага Германия эл аралык кызматташтык уюму тарабынан 85 балага ылайыкталган матрац, жууркан, жаздык жана шейшептер берилди. Андан сырткары заманбап үлгүдөгү ашкана жабдыктары орнотулууда.

«Аталган уюмга сунуштаган долбоорубуз жактырылып, жыйынтыгында 800 миң сомдун жабдыктарына ээ болуп жатабыз. Учурда 400 миң сомдун жабдуулары алынып келинди. Буюрса дагы жабдыктар берилет», - деди Н.Чотуров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×