Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.08.2018 17:57

Баетов айылындагы жардамга муктаж 5 окуучуга окуу куралдары берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы социалдык жардамга муктаж 5 окуучуга окуу куралдары берилди. Бул тууралуу «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Ыман Мадиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 27-август күнү аталган коомдук бирикменин демилгеси менен райондук билим берүү бөлүмү, райондук администрациянын кызматкерлери айылдагы жардамга муктаж 5 окуучуга окуу куралдарын жеткирип беришкен. Окуу куралдарды сатып алууга айылдагы 3 тургун демөөрчүлүк кылды.

Акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана Ы.Мадиев окуу куралдарды тапшырып келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×