Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.08.2018 12:08

Ак-Талаанын Арпа жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын Арпа жайлоосунда малчылардын майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 27-августта Арпа жайлоосун жайлаган Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылынын малчыларына арналып майрамдык иш-чара уюштурулду. Майрамдын жүрүшүндө көк бөрү, чака чапмай, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар ойнолуп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Жыйынтыгында мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Андан сырткары, райадминистрациянын ардак грамотасы менен малчылар Майрамбек Өмүров, Асанбек Нурманбетов, ал эми айыл өкмөттүн ыраазычылык каты менен малчылар Адылбек Календеров, Элисбек Нусупказиев, Кармыш Абдыкеримов, Нурлан Алияскар уулу жана Ниязбек Токсобаев сыйланды.

«Бороон-чапкын, катуу жааган жамгырга карабай алыскы жайлоолордо мал багып, мал чарбасынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жатышкан малчыларыбыздын бир жылда бир келүүчү майрамында алардын көңүлүн көтөрүп, абалын сурап коюшубуз зарыл эмеспи. Майрамыбыз уруш-талашсыз, кызыктуу өттү. Андан сырткары, көчмө соода дүкөнүн уюштуруп бердик. Ошондой эле эки иштен бир иш кылып, мал санак жүргүздүк», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×