Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.08.2018 16:06 На русском

Айыл турмушу: Союз учурунда көп жылдар бою мал баккан Б.Алыкеев сыйлыкка алтын саат жана үй алган (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы 83 жаштагы ардактуу ардагер Бөлөкбай Алыкеев союз учурунда өмүр бою мал багып, сыйлыкка үй жана алтын саат алган. Карыядан аймактык кабарчы кабар алды.

Бөлөкбай Алыкеев 1936-жылы 3-февралда туулган. 1952-жылдан баштап Данов колхозунда жумушчу болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. 1958-жылдан тарта 1969-жылга чейин ат тырмоо тартып, трактор айдап, чөп чаап, мал багып, колхоздун өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Учурда Нарын облустук жана райондук аксакалдар кеңешинин, Баетов айылдык карыялар кеңешинин мүчөсү.

«1942-жылы атам Алыке согушка кетип, ошол кезден ушул кезге чейин дайынсыз. Бизди апам Сайрагүл, чоң атам Бекбоо экөө багышкан экен. 1958-жылдары атка тырмоо илип алып, чөп чогултуп иштедим. Андан соң, Токмоктон 4 айлык трактордун курсун окуп бүтүп, «КДП-35» үлгүсүндөгү трактор менен иним Көчкөнбай, классташым Жумакадыр Опоев үчөөбүз жер айдап, чөп чаап, аны тырмап, кайра ташып иштечүбүз. Ошондой эле жазгы айдап себүү иштеринде кызылча, буурчак, күн карама жана жүгөрүнү төрт чарчылап чөнөктөп сепчү элек. Бул иштерибизди көргөн Ак-Талаа райкомдун секретары жана колхоздун башкармасы бизди кубануу менен кабыл алып, 1 баш кой, 1 миң сом акча сыйлык беришкен», - деди Бөлөкбай карыя.

1958-жылдан баштап субай кой баккан Бөлөкбай карыя жүн алууда да ийгилик жаратып, жыл сайын алтын саат менен сыйланып турган.

«1958-жылы октябрь айларында колхоздон мага 600 борук (бычылган 2 жаштагы эркек кой баласы) бөлүп берди. Жубайым Кенже Кайыпова экөөбүз аларды бага баштадык. 1969-жылга чейин, тактап айтканда 11 жыл субай мал бактык. Субай малдын башын кемитпей сактоодо жана жүн алууда алдыңкы орундарды камсыздап жүрдүк. Жыл сайын алтын саат, радио кабылдагыч, япон жоолуктарын сыйлыкка алабыз. 1969-жылы 700 ирик (бычылган эркек кой баласы) бөлүп беришти. Кош-Дөбө айылындагы Бычан жайлоосунда багып, семиртип, «Жалал-Абад» эт комбинатына бердик. Ар бир ирик 69 килограммдан эт берип, планды 100 пайызга аткардым. 1970-жылдан 1973-жылга чейин тубар кой багууга туура келди. Тубар койлорду кышка туутка коюп, жыл сайын 100 тубар койдон 105 баш төл алуу менен ийгиликке жетип, жыл сайын 20-25тен козу сыйлыкка алдым. Ушул жылы партиялык бюронун мүчөсү кылып шайлашты», - деди Бөлөкбай аксакал.

Азыркы учурда дагы баскан-турганы тың, сөзгө чебер Бөлөкбай карыяны республикалык, облустук жана райондук даталуу күндөрдө унутта калтырышпай жыйналыштан тарта сый дасторконуна чейин чакырып турушат. Учурунда эл, өлкө үчүн ак кызмат кылган карыя төмөндөгү сыйлыктардын ээси болгон.

- «В.И.Лениндин 100 жылдыгы» медалы (1970-жыл);
- «Эмгек каарманы» медалы (1973-жыл);
- Тогузунчу 5 жылдыктын жеңүүчүсү (1980-жыл);
- Бүткүл союздун Нарын советтик профсоюздун жеңүүчүсү (1995-жыл);
- Нарын советтик профсоюздун жеңүүчүсү (1974-жыл);
- Бүткүл союздун советтик профсоюзунун жеңүүчүсү (1974-жыл);
- Бүткүл союздун борбордук Нарын советтик профсоюзунун жеңүүчүсү (1983-жыл);
- Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» (2011-жыл);
- 2018-жылы Кыргыз Республикасынын «Ардактуу ардагери» наамы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×