Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.08.2018 15:57

Ак-Талаанын эки айыл өкмөтүнө Жалал-Абаддан 2 комбайн алынып келди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес жана Жаңы-Талап айылына күзгү дан эгиндерин оруп-жыйноо үчүн Жалал-Абад облусунан 2 комбайн жардамга чакырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алдеев билдирди.

Маалым болгондой, 28-август күнү айыл өкмөт башчылары Алмаз Абдылдаев жана Руслан Алдеев дыйкандардын дан эгиндерин өз убагында оруп-жыйноо максатында Жалал-Абад облусундагы комбайнчылар менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2 комбайн жардамга келди. Учурда жардамга чакырылган комбайнчылар Жаңы-Талап айыл аймагында дан эгиндерин чаап башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×