Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.08.2018 17:17

Тарых инсаны: Ак-Талаа элин Үркүндөн сактап калган Касымбек болуш 3 жолу сүргүнгө айдалган (сүрөт)

Turmush -  1916-жылы ак-талаалыктарды Кытайга үркүүдөн сактап калган, элдин кат-сабатын жоюуга аракет жасап, дыйканчылык кылууга үндөп, сугат арыктарын каздырган Касымбек Баатай уулу 3 жолу сүргүнгө айдалган. Ал 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында саяк жана чоро болуштугун башкарган.

Касымбек Баатай уулу 1848-жылы жай мезгилинде туулган. Тарыхта орду калган саяк уруусунан чыккан Жанболот баатырдын 3 аялы болгон. Саруу уруусунан алган байбичесинен Кожоберди, Рыскул төрөлгөн. Ортончу аялынан Рысменде, кичүү аялынан Эраалы, Бегаалы, Дербишаалы туулган. Эраалыдан Айтчочон, Баатай, Карабай, Абыласын, Борош аттуу 5 уул болгон. Баатайдан 3 уул болгон. Алар — Шоорук, Нурманбет, Касымбек.

Касымбек баатыр 14 жашка толгондо атасы Баатай казак сынчысы Санчы сынчыны алып келип, 3 уулун сынаткан деп айтылат. Ошондо Санчы сынчы биринчи уулу Шоорукту карап, «Ырыскылуу, башка малга бай болосуң» деп сындаса, экинчи уулу Нурманбетти карап, «Бай болосуң, манап болосуң, чунак болосуң» деп баа берет. Ошол маалда эшиктен кирип келген Касымбекти көргөн Санчы сынчы ордунан тура калып, «Ой бай, бул не деген бала? Атса ок өтпөйт, чапса кылыч кеспейт, сууга салса чөкпөйт, куйса түгөнбөс куйма кулак, кызыл меш бала» деп сынайт.

19-кылымдын орто ченинде Орусия падышачылыгы кыргыз элине биротоло үстөмдүгүн орнотот. Ошол кезде саяктардын бир канатын түзгөн чоро уруусу Нарын дарыясынын ортоңку агымындагы Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Арпа жана Соң-Көл өрөөндөрүн мекендешкен. Мына ушул чоро уруусу өзүнчө болуштукту түзүп турган. Чоро болуштугун Ысрайыл башкарган. Ал кандайдыр бир себептер менен Касымбекти болуштукка талапкер кылып алып чыгат. Арадан убакыт өткөн соң Ысрайыл болуштуктан бошоп калат. Анын ордуна 16 жаштагы Касымбек болуш болуп шайланат.

Касымбек Баатай уулунун ички Теңир-Тоонун саяк болушундагы журт башкаруучулук ишмердүүлүгү кадимки Шабдан баатырга байланыштуу болгон. Санжыралардын биринде Касымбектин атасы Баатайдын жаш курагы 90го барып калганда, ошол кезде орус падышалыгына кызмат кылып, кыргыз элинин башында турган Шабдан баатырга Баатай кат жазган дешет. «Шабдан иним, бир балам тентек чыкты. Элин бөлүп, каргысын (Чынжыр. Ал кезде болуштукту башкарган манаптардын мойнуна атайын жасалган чынжырча тагылчу экен) мойнуна тагып бербесең, саяктан мындай кырылыш, киши өлүү басылбайт!» деп айтылат экен катта. Ошондо Шабдан баатыр келип, элдик жыйын өткөрүп, 1893-жылы саяк болуштугун экиге бөлүп, чоро болуштугун түзүп, чоро болуштугунун болушу болуп Касымбек Баатай уулу шайланат.

Архивдик маалыматтарда чоро болуштугуна 9 айыл карап, 1623 түтүн эл жашаган. Жаңы түзүлгөн чоро болуштугу Ички Теңир-Тоо чөлкөмүндөгү эң чоң болуштуктардын бири болгон.

Касымбек болуш 1882-1883-жылдары Жети-Суу аскер губернатору тарабынан Станислав лентасына тагылган күмүш медаль, ошол эле учурда 3-даражадагы сыйлуу халат менен сыйланган. 1886-жылы Омск шаарында генерал Колпаковскийдин буйругу менен 2-даражадагы сыйлуу халаты менен сыйланса, 1898-1899-жылдары орус аскерлери менен болгон кызматташтыгы үчүн Пржевальск уездинин начальниги Сатов тарабынан 1-даражадагы сыйлуу халат менен сыйланган экен.

Ошентип чынжырлуу манап атыккан К.Баатай уулу 1902-1904-жылдары Анжиянга сүргөнгө айдалып кетип, бирок элдин колдоосу менен Чоро болуштугуна кайрадан болуш болуп шайланган. Ошондо 1880-жылдан тарта 1916-жылдагы Үркүнгө чейин 36 жыл саяк жана чоро болушун башкарып, эң көп убакыт бийлик жүргүзгөн чынжырлуу манап болгон. К.Баатай уулу дыйканчылыкты мыкты кылып, арык каздырып буудай, арпа, сулуу, таруу өстүрткөн. Азыркы учурда Терек айылынын жогору жагындагы Бактыгул каналынын ордуна мурун эле арык казылып, элдер дыйканчылык менен алектенишкендиги айтылат. Дыйканчылык гана кылбастан ошол мезгилде элдин кат-сабатын жоюуга дагы бир топ салым кошкондугу, аракет кылгандыгы азыркы учурга чейин айтылып келүүдө. Анткени ал азыркы Баетов айылынын этек жагына медресе салдырып, билимдүү молдону жалдап келип, элдердин кат-сабатын жойдурган.

1916-жылы кыргыздардын улуттук боштондук үчүн болгон көтөрүлүш жеңилип, анын жыйынтыгында орус падышалыгы кыргыз элин кыргынга алган. Ошол мезгилде кыргыздар Кытайга качып, орус аскерлерине туш болгону окко учуп, туш болбогону бийик аска белдерде ачкачылыктан, сууктан улам кырылган. Мына ушундай кыргында Ак-Талаа чөлкөмүндөгү элдер аман калышкан. Себеби, аларды Үркүндөн алып калуу аракети Ак-Талаанын аркы өйүзүн башкарып турган Мусакожо болуш менен берки өйүзүн башкарып турган Касымбек болуштун акылмандыгы, даанышмандыгы менен ишке ашырылган. Эки болуш эли менен сүйлөшүп, Ак-Тал-Чат чөлкөмүнө ак боз үйлөрдү тигип, орус аскерлерин жылуу тосуп алып, коноктоп, падышачылыктын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында элди үркүүдөн жана кыргындан сактап калышкан.

Ошентип, жогоруда белгиленген коомдук-саясий ишмердүүлүгү менен тарыхта орду толгус аты калган чынжырлуу манап Касымбек Баатай уулу 3 жолу сүргүнгө айдалган. Биринчиси — 1897-1902-жылдары орус падышачылыгынын зордук-зомбулугу күчөп турган мезгилде, кыргыз бай-манаптарын бир-бирине кайрап, жалган жалаа жабуу менен сүргөнгө айдатууну адатка айлантып алышкан эле. Мындай жосунсуз жоруктан Касымбек болуш дагы четте калган эмес. Ал дагы Анжиянга сүргөнгө айдалып, бирок Курманжан датканын кийлигишүүсү менен 1904-жылы сүргүндөн келип, кайра болуш болуп шайланган. Экинчиси — орус падышачылыгы кулап, бийликке келген кеңеш өкмөтү бай-манаптарды кулакка тартуу өкүмүн чыгарып, 1927-жылы 21 кыргыз бай-манаптарын куугунтукка алып, Киров облусунун Халтурино шаарына сүргүнгө айдашкан. Булардын ичинде Касымбек болуш дагы кошо айдалган. Ал жактын климаты оор болгондуктан сүргүнгө айдалгандардын ичинен сабаттуулары орус бийлигине кайрылуу жасап жатышып, Казакстандын Ордо шаарына которулушкан. Бирок, сүргүнгө айдалган бай-манаптарды эзип же түрмөгө камашкан эмес. Алар ошол шаарларда кадимкидей эле жашап турушкан экен. Болгону аларды полициялар көзөмөлдөп турушкан экен. 1935-жылы бай-манаптарды мурдагы жашаган жерине барып жашоого уруксат берилип, Касымбек болуш мекенине кайтып келген. Үчүнчүсү — Сталиндик репрессия учурунда 1929-жылы 30-декабрда коңшулаш басмачы, корбашыларга чек арадагы саясий жашыруун сырларды айтып турган деген жалган жалаа менен 82 жаш курагында кайрадан Нарын шаарына камакка алышкан. 1930-жылы 2-июнда атууга өкүм чыгып, атылган. Сөөгү кайсы жерге коюлгандыгы белгисиз бойдон калган. Эгемендүүлүк алган жылдардын башында акталган.

Маалымат тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин «Касымбек Баатай уулу» китебинен кыскартылып алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×