Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.10.2018 17:55

Өзгөчө ысым: Ак-Талаадагы жубайлар Кимсан, Кабусан, Нафтуза жана Пакиза аттуу уул-кыздарды тарбиялашты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасында 30 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жатышкан жубайлар Залкарбек Оторов менен Нариса Момуналиева өзгөчө ысымдуу балдардын ата-энеси.

Залкарбек Оторов 1965-жылы Баетов айылында туулган. Ал аталган бала бакчада 33 жылдан бери чарба башчысы болуп эмгектенип келет. Ал эми жубайы Нуриса Момуналиева 1966-жылы Жаңы-Талап айылында туулган. Ал дагы ушул эле бала бакчада 35 жылдан бери тарбиячы болуп иштейт. Баш кошуп түтүн булаткандарына 30 жыл толгон жубайлар бул аралыкта 2 уул, 2 кыздуу болушкан.

«Улуу балабыз Кимсан 1991-жылы туулган. Укук коргоо тармагында иштейт. Кийинки кызыбыз Нафтуза 1992-жылы туулган, Жети-Өгүз районундагы жигитке турмушка чыгып, ошол жакта жашайт. Үчүнчү уулубуздун аты Кабусан, 1997-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Учурда Москвада иштеп жүрөт. Кичүү кызыбыз Пакиза Нарын шаарындагы медициналык окуу жайда билим алууда жана ал дагы Жети-Өгүз районуна келин болгон», - деди Н.Момуналиева.

30 жылдан бери бала бакчада иштеп келе жатышкан жубайлардын тарбиялап өстүргөн уулдарынын ысымы пайгамбарлардын ысымынан коюлган.

«Кайнатам Меккеге барып келген ажы адам болгон. Ал киши балдарыбызга ырым кылып жакшы ысымдарды коюп берген. Уулдарым Кимсан жана Кабусанга пайгамбардын ысымын койгон. Ал эми кыздарымдыкын айта турган болсом, Нафтуза – бул суунун аты экен. Менимче эң таза, тунук суу болсо керек. Пакиза – бул таза, аруу, тунук дегенди билдирет. Мунун баарын кайнатам китептен карап чыгып, неберелерим ыймандуу, таза, тарбиялуу болушсун деп, ушундай өзгөчө ысымдарды ыйгарыптыр», - деди Н.Момуналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×