Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.09.2018 17:15

Эгемендүүлүк күнү: Ак-Талаада 16 адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата Нарын облусунун Ак-Талаа районунун өнүгүшүнө салым кошкон 16 адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 31-августта райондун социалдык өнүгүшүнө салым кошкон, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен, атуулдук милдеттерин так аткарган 16 адамга Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылып, наам ээлерин аким Нурбек Молдокадыров жана акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов куттукташты.

Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуул» наамы менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

- Маметайып Жумагулов, философия илимдеринин доктору, профессор, Бишкек шаары;
- Советбек Сайнилов, ардагер, Тоголок Молдо айылы;
- Шайгүл Молобаева, ардагер, Үгүт айылы;
- Жолдош Түкүев, ардагер, Байгөнчөк айылы;
- Айылчы Сатыналиев, ардагер, Баетов айылы;
- Абдымалик Сулайманов, акимдин биринчи орун басары;
- Гүлмира Күрөңкеева, ардагер, Кош-Дөбө айылы;
- Айнура Акималиева, ардагер, Байгөнчөк айылы;
- Насирдин Аалиев, Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими, Баетов айылы;
- Гүлмайрам Үчүгөнова, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы;
- Дина Исакова, раймамадминистрациясынын башкы бухгалтери, Баетов айылы;
- Канышай Абышбаева, «Кыргыз почтасы» ишканасынын райондук филиалынын камсыздоо бөлүмүнүн башчысы. Баетов айылы;
- Торкобүбү Акылбекова, мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы, Баетов айылы;
- Айнагүл Абдыкалыкова, ардагер, Жаңы-Талап айылы;
- Уланбек Кубатов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Таалайбек Ажиев, ишкер, Баетов айылы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×