Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.09.2018 09:51

Ак-талаалыктарга жергиликтүү өнөрпоздор чоң программадагы концерт тартуулашты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата чоң программадагы концерт тартуулангандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 31-август күнү Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында чогулган жергиликтүү тургундарга маданият үйүнүн өнөрпоздору, Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жамааты, «Мусанын урпактары» элдик ансамбль тобу тарабынан элдик ырлар, патриоттук ыр-хорлор тартууланды. Андан сырткары, «Манас»эпосунан үзүндүлөр сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×