Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.09.2018 11:29

Ак-Талаада веложарыштын жеңүүчүлөрү сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Эгемендүүлүк күнүнө карата жаштар арасында веложарыш өтүп, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 31-август күнү жаштар тарабынан уюштурулган веложарышка жалпы 38 спортчу катышып, алар Байгөнчөк айылынан тарта Баетов айылындагы Тайлак баатыр айкелине чейин 11 чакырым аралыкка шайтан араба менен жарышка түшүштү. Жыйынтыгында 1-орунду Азамат Жолдошов камсыздап, ага кубок, диплом жана баалуу белек ыйгарылды. Ал эми 2-орунду Камчыбек Жайлообек уулу, 3-орунду Акылбек Дүйшөнөв камсыздап, диплом жана баалуу белектерге ээ болушту. Ошондой эле 4-орунду ээлеген Алмаз Мааметов менен 5-орунду багындырган Рыскул Шамиевге кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Андан сырткары, мелдеш учурунда жолдогу унаа кыймылды тартипке келтирген жол тескөөчү Майрамбек Өмүркожоевге жана жаштарга колдоо көрсөтүп келген Turmush басылмасынын кабарчысы Адилет Сагыналиевге ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×