Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.09.2018 09:22 На русском

«Дарыгер келинимдин тилин күйгүзүп салдың»: Үйүнөн качып окуган эмчинин медицинадагы ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 53 жаштагы тургуну Чатыркүл Дөнөмбаева 35 жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Эмчи айымдын эмгек жолу менен аймактык кабарчы таанышты.

Дөнөмбаева Чатыркүл Белековна 1965-жылы 29-ноябрда Кочкор районуна караштуу Туз айылында туулган. Аталган айылдагы орто мектепти бүткөн соң Нарын шаарындагы медициналык орто окуу жайда билим алып, 1985-жылы Нарындагы жандандыруу, сыныктар бөлүмдөрүндө иштеп баштаган. 4 кыз жана 1 уулдун сүйүктүү энеси. Учурда аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары, Баетов айылында квартал башчы, ардактуу атуул наамы боюнча комиссиянын мүчөсү.

«Союз учурунда кызматкерлерди, студенттерди колхоздун чөп жыйноо, сакмал (мал төлдөтүү) иштерине жумшап турушчу. Ошол кезде Куртка (азыркы Жаңы-Талап) айылына сакмалга барып калдык. Жолдошум менен ошол жактан таанышып, баш коштук. Ошол күндөн тарта Ак-Талаа районунда кызмат кылып баштадым. Алгач Куртка айылындагы бала бакчада иштедим. 1992-жылы райондун борбору Баетовго барып иштеп баштадым. Жалпы 35 жылдык тажрыйбам бар. Ортодон 16 жыл соодагерликке өтүп, Кытайга чейин барып, товар алып келип сатып, дүкөн ачтым. Жолдошум буга чейин айдоочу болуп эмгектенип келсе, учурда мал чарбасы менен алектенет», - деди Ч.Дөнөмбаева.

Турмушка чыккандан кийин райондук оорукананын физиотерапиясында 5 жыл иштеп, андан соң 2011-жылдан бери психо-нарколог болуп эмгектенип келе жаткан Чатыркүл айым бала кезде актриса болууну кыялданчу.

«Негизи медицина тармагында иштеп калам деген дегеле оюмда жок болчу. Балачагымдан бери режиссёр, актриса болом деп кыялданып жүрчүмүн. Ал кезде кыз баланы окууга жиберишчү эмес да. Мен окуйм деп, үйдөн качып кетип, таежемдин жардамы менен медучилищада окуп калдым. Ошондон бери бул кесип мени өзүнө тартып алды десем болот. Болбосо, ырдаганды, бийлегенди, сахнага чыгып алып роль ойногонду абдан жактырчумун. Ошол эле учурда ар кандай маданий иш-чараларда ырдап, бийлеп, куурчак театрында роль жараткан күндөрүм көп эле болгон. Кээде кыздарым отуруп алып "Сонун ырдайсыз. Ушундай үнүңүз менен чоң сахнага деле чыкмаксыз да" деп калышат. Чынын айтсам өзүм бул туурасында ойлонгон жокмунбу же турмуш шартка байланыштуу болдубу, кыскасы талантыма өзүм баш ийбей коюптурмун. Жашыраак кездерде тери ийлеп, көлдөлөңдүн түрүн жасап, кийиз бычып шырдак жасачумун», - деди ал.

Коомдук иштерге активдүү катышып, жоопкерчиликти жана талапты биринчи орунга койгон дарыгер айым дарылоо учурунда кызыктуу окуяларга дагы көп туш болот.

«Бейтаптар көп кайрылышат. Аларга түн келеби, күн келеби колдон келишинче жардамымды аябайм. Наркологиялык бөлүм болгондуктан, айрымдардын атасы же баласы тынбай ичкенин көрөбүз. Мындай учурда коомго билгизбей дарылап бериңиз деп суранышат. Үйлөрүнө чейин барып дарылаганга туура келет. Албетте наркология боюнча дарылоого бизде шарт жок. Ошондуктан улам айрымдарын Нарынга же Бишкекке кетиргенге туура келет.

Бир жолу дарыгер аял келип кайрылып калды. Бизде КУФ деген аппарат бар, биодоза менен коюлат. Ал келинге "тилиңди бери чыгарып тур, таңдайыңды гана какташым керек" деп айтсам, болбой эле тилин ары жакка катып алып, көп кактаганга тили кошо кызарып кетиптир. Бир убакта кайненеси чуркап келип, "Келинимдин тилин күйгүзүп салыптырсың" деди. Мен "Эже келиниңиз өзү дарыгер. Баарын түшүнөт. Тилиңди катпай тур деп айткам" деп түшүндүрүп айтып кетиргем. Бизде мындай түшүнбөстүктөн улам кызыктуу окуялар көп эле болот. Өзгөчө физиотерапияда», - деди Ч.Дөнөмбаева.

Союз учурунда катуу талапты, талбаган эмгекти жана тарбиясын көрүп иштеген дарыгер айым 4 жылдан бери автоунаа башкарат.

«Союз учурунда сакмалга Куртка айылына бардым. Тогуз-Торо районунун Бытпылдык деген жерине чөпкө, Суусамырга да бардык. Жумуш деген союз учурунда болду. Азыркы айрым жаштар же мекеме-ишканадагылар бир аз ишембиликке чыгып коюшса "өлдүм, чарчадым, баспай калдым" деп калышат. Союз бизди эмгек кылууга, жоопкерчиликтүү болууга үйрөттү. Талап аябай катуу болчу. Азыркыдай жумушка кечигип келүү же жумуштан шылтоолоп басып жүрө берүү деген болгон эмес. Кийинки эле мезгилде Д.Берикбаев аксакал райондук аткаруу комитеттин 1-секретары болуп турганда Баетов айылындагы ички арыктарын бүтүндөй бетон арык кылып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго цемент төшөттү. Ушул иштин баарын мекеме-ишканада иштеген кызматкерлер жасадык. Шагыл ташып, арыктардын баардыгын бетон арык кылып куюп чыктык. Ар ишемби, жекшемби күндөрү айрым учурда кечке иштечү элек», - деди Ч.Дөнөмбаева.

Ушундай эмгектин арты менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укукту өкүлчүлүгүнүн, райадминистрациясынын, Кыргызстан аялдар конгрессинин ардак грамотасын алып, Ички иштер министрлигинин төш белгисинин жана «Теңир-Тоо айымы» наамынын ээси болууга жетишкен Чатыркүл Дөнөмбаева ушул жашка келип эч нерсеге өкүнбөгөнүн, тескерисинче жашоого жаралганына, бала-чакалуу болгонуна, медицина тармагында элге кызмат кылып жатканына кубанарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×