Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.09.2018 11:07

Айыл турмушу: 79 жаштагы М.Сулайманов эркин күрөш боюнча СССРдин 13 жолку чемпиону болгон (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 79 жаштагы тургуну, СССРдин эркин күрөш боюнча спорт чебери, КРдин айыл чарбасынын мыкты кызматкери Мелис Сулайманов эркин күрөш боюнча мелдештерде 13 жолу 1-орунду багындыра алган. Мелис карыянын ийгиликтери менен аймактык кабарчы таанышты.

Спортто да, айыл чарба ишинде дагы ийгилик жараткан Мелис Сулайманов 1939-жылы 15-январда Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылында туулган. Мелис карыя 1966-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Өмүрлүк жары Базаркулова Рая экөө 50 жылдан ашуун бирге өмүр сүрүшүп, 3 уул, 3 кыздын ата-энеси, 24 небере, 4 чөбөрөнүн ардактуу чоң атасы, чоң энеси жана таята-таенеси болушкан.

«Атам Сулайман малчы болгондуктан, менин балалыгым көк мелжиген тоолор арасында, ат минип, кой кайтарып, жылкы айдап жүрүп өттү. 1963-1966-жылдары студент курагымда эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү болдум. Спортко болгон кызыгуум ушул учурда башталган. Дал ушул мезгил, башкача айтканда студент учурумда спортто чоң ийгиликтерди жарата алдым. 1960-жылы "Динамо" коомунун биринчилигинде 52 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду камсыздап, алгачкы жеңишимди күтүп алдым. 1964-жылы Душанбе шаарында өткөн Азия биринчилигинде 3-орунду ээлеп, СССРдин спорт чебери болууга жетиштим десем болот. Ошентип институтту бүтөрүм менен кышкысын кардын калыңдыгы 1-1,5 метр түшкөн Тогуз-Торо районунун Бирдик колхозунда башкы зоотехник кызматына жиберишти. Алгачкы эмгек жолумду ушул жактан баштадым. Ошондо 4 жыл ошол чарбаны жетектеп турдум. 1973-жылы гана Ак-Талаанын Карл Маркс (азыркы Үгүт) колхозуна башкарманын төрагалыгына жиберишти», - деди Мелис ата.

Эмгекчилдиги, өткүрлүгү жана ишти колго алуусу менен аталган колхозду алдыңкы колхоздордун катарына алып чыккан М.Сулаймановду 3 жыл ичинде башкарманын төрагалыгына көтөрүшкөн.

«Үч айылдын башын бириктирип турган Карл Маркс чарбасында 19 жыл иштедим. Ал учурда чарба республикалык ардак тактада 3 жолу, облустук, райондук ардак такталарда үзгүлтүксүз жазылып турдум. Карл Маркс колхозу 1982-1983-жылдардагы мал кыштатууда эң жогорку көрсөткүчтөрдү жараткандыгым жана мал чарбасынан алынуучу продукцияларды жогорулаткандыгым үчүн КПСС Борбордук комитетинин ардак грамотасын, 1983-жылдын тапшырмаларын аткарууда эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгүм үчүн КПСС Борбордук комитетинин, СССР министрлер советинин, ВЦСПСтин жана ВЛКСМ Борбордук комитетинин "Өтмө кызыл туусун" жеңип алдык», - деди Мелис карыя.

«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер» наамынын ээси, персоналдык пенсионер, СССРдин эркин күрөш боюнча спорт чебери М.Сулайманов учурда да күүлүү-күчтүү, коомдук иштерге активдүү катышуусу менен эл ичинде кадыр-баркка ээ.

Спорттогу жетишкендиктери:

- 1960-жылы 22-майда «Динамо» коомунун биринчилигинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1963-жылы 21-апрелде Фрунзе шаарында студенттер арасындагы 3-республикалык мелдеште 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1963-жылы Фрунзе шаарында өткөн Кыргызстан биринчилигинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1963-жылы 3-ноябрда Ош шаарында борбордук кеңеш ДСОнун «Алга» мелдешинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1964-жылы 30-мартта Алмата шаарындагы «Енбек ДСО» мелдешинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1964-жылы 11-майда Фрунзе шаарындагы студенттер арасындагы 4-республикалык мелдеште 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1964-жылы 31-майда Фрунзе шаарындагы эл аралык Каба уулу Кожомкул мелдешинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1964-жылы 21-июнда «Алга» коомунун биринчилигинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1964-жылы 11-июлда Фрунзе шаарындагы Кыргызстан биринчилигинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1964-жылы Фрунзе шаарындагы Орто Азия биринчилигинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1965-жылы 9-майда Фрунзе шаарындагы Кыргызстан биринчилигинде 52 кг салмакта 1-орунду;

- 1965-жылы 22-майда Фрунзе шаарындагы студенттердин республикалык III спартакиадасында 1-орунду,

- 1966-жылы июль айында Казань шаарында союздук республикалардагы айыл чарба институттарынын студенттеринин арасында өткөрүлгөн мелдеште 52 кг салмакта 1-орунду камсыз кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×