Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.09.2018 09:13 На русском

Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгында жетекчи алмашты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы болуп Акматалиев Иса Жээналиевич дайындалганын аймактык кабарчы билдирди. Кечээ, 4-сентябрь күнү жаңы башчыны жамаатка тааныштыруу аземине аталган башкармалыктын облустук өкүлчүлүгүнүн, райадминистрациянын өкүлдөрү жана аталган башкармалыктын кызматкерлери катышып, куттукташты.

Ал эми аталган фондду буга чейин жетектеп келген Анархан Таштанкулова Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына дайындалды.

И.Акматалиев 1971-жылы Ак-Талаадагы Баетов айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Буга чейин Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Билими:

Жогорку билимдүү. 1988-1990-жылдары Фрунзе финансы-экономикалык техникумун аяктап, Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунун экономика бөлүмүндө бухгалтер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1990-жылы аманат кассада көзөмөлдөөчү;

- 1991-1992-жылдары пенсия чектөө фондунун жетекчиси;

- 1993-жылы Нарын облустук пенсиялык фонддун Ак-Талаа районундагы өкүлү;

- 1996-жылы Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2002-жылы Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2004-жылы аталган фонддун киреше бөлүмүнүн башчысы;

- 2008-жылы киреше бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2009-жылы киреше бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2010-жылдан бери Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×