Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.09.2018 17:00

Ак-Талаанын Баетов айылына айдоочулар 2 аялдама орнотушту (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 90 жылдыгына карата Баетов—Бишкек каттамынын айдоочулары айылга 2 аялдама жасатып беришкендигин айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, быйыл Баетов айылынын 90 жылдыгы белгиленет. Мунун алкагында элдик марафон өткөрүлүп, андан чогултулган каражатка бир катар иштер жасалууда.

«Баетов—Бишкек каттамындагы айдоочуларга кайрылуу жасадым. Жыйынтыгында алар кайрылуумду туура көрүшүп, автобекеттин жанына жана Дөрбөлжүн аянтынын маңдайына аялдама жасатып беришти», - деди айыл өкмөт башчысы.

Аялдамалар темир материал менен жасалып, үстү жабылып, алдына таманташ төшөлүп, отургуч орнотулуп жана таштанды салуучу урна коюлду. Айдоочу Ильич Жузуевдин айтымында, аялдама орнотууга 140 миң сомдон ашык каражат сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×