Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 10.09.2018 15:34

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында мал базар ачылды (видео)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында мал базар ачылгандыгын жергиликтүү тургун Чолпонбек Кубатбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын экономикасын көтөрүү максатында жана жергиликтүү тургундардын убаракерчилигин азайтуу үчүн мал базар ачылып, ар жуманын бейшемби күнү иштемей болду.

«Буга чейин айылдын тургундары ар жуманын 5-күнү Баетов айылындагы мал базарга малдарын автоунааларга жүктөп алып барышчу. Бирок ошол эле учурда кардарлар 5-күнгө чейин деле биздин айылга келип турушкан. Ошол себептен улам айылга мал базар ачтык. 4-күнү жергиликтүү тургундар убара болуп райондун борборуна барбай, ушул жерден малдарын соодалап, сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков.

Ал эми айылдын ичине мал базар ачылып жатканына кубанган жергиликтүү тургундар буларга токтолушту.

«Базары жакын байыбайт деп коёт. Бирок байыганга аракет кылалы. Бул жерге базардын ачылышы бизге жакшы болду. 5-күн сайын мал сатабыз деп Баетов айылына 30 чакырым жол басып барабыз. Ал жакка жеткиче малың кыйналат. Экинчиден мал өтпөй калса убара болуп кайра алып келебиз. Эми 4-күнү малды алып чыгып сатабыз, бул жерден өтпөй калганын Баетовго алып барып сатсак болот.

Мал базарыбыз кут болсун», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×