Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.09.2018 13:34

«Түспөлдөш»: Ак-Талаадагы эки жетекчини алмаштырып, күлкүлүү окуянын торуна түшкөн элеттиктер (сүрөт)

Turmush -  «Түспөлдөш» рубрикасынын кезектеги каармандары — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук электр тармагынын башчысы Таалайбек Турганбеков менен Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебинин директору Асек Абдыракманов. Алар бири-бирине куюп койгондой окшош болгондуктан, көпчүлүгү эки жетекчини алмаштырып кайрылып алышат.

Таалайбек Турганбеков 1967-жылы 3-декабрда Тоголок-Молдо айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын жана 1 уулдун атасы. 1996-жылы электр тармагындагы монтер, көзөмөлдөөчү, диспетчер болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. Андан соң, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда башкы инженерлик кызматта үзүрлүү эмгектенген. Учурда Ак-Талаа райондук электр тармагынын жетекчиси болуп эмгектенип келүүдө.

Асек Абдыракманов 1960-жылдын 23-июль күнү Кызыл-Белес айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 2 уулдун атасы. Кесиби мугалим. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин, 1982-жылы Мааданбек Барашов атындагы кесиптик окуу жайда комсомол комитетинин төрагасы болуп алгачкы эмгек жолун баштап, кийин Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, андан соң аталган мектепте директорлук кызматты аркалаган. 2013-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2017-жылдан бери Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов атындагы орто мектебинин директорлук кызматында иштеп келүүдө.

«Бир жолу Жаңы-Талап айылына сөөк коюуга барганбыз. Андан чыгып кетели деп жатсак, бирөөлөр мени Таалайга окшоштуруп "Кечээ электрик балдарыңыз келип, электр жарыгымды кыркып кетишти. Кайра коштуртуп берип коёсузбу" деп кайрылып калышты. Дароо эле түшүндүм. Мен дагы билмексен болуп "Макул айтып коём. Электр жарыгыңарды коштуруп берем" деп кетип калдым.

Буга чейин Таалай Ат-Башыда иштеп келиптир. Дагы бир жолу бирөө келип эле мени менен аябай учурашып, "Таалай дагы эле Ат-Башыда иштеп жатасыңбы? Ал жактан көрүнбөй кеттиң да" деп суроо узатты. Мен дагы билмексен болуп, "Ооба. Ошол жакта эле иштеп жатам" деп койдум», - деди А.Абдыракманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×