Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.09.2018 20:17

Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылында балдар аянтчасы курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылына караштуу Кайыңды-Булак айылында балдар аянтчасы курулуп жаткандыгын айылдык кеңештин депутаты Талант Карымшаков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айылынын 90 жылдыгына карата бөбөктөрдүн эс алуусуна шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттен 87 миң сом каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, демөөрчү тарабынан дагы 10 миң сом берилип, курулуш иштери аткарылып жатат. Ошондой эле, аянтчанын жанынан атайын жер тилке бөлүнүп, волейбол ойноочу аянтча курулууда.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×