Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.09.2018 10:55

«Концертте унаамды уурдатып...»: 6 айылга башчы болгон ырчы Ж.Калчаеванын жашоо сүртүмдөрү (сүрөт)

Turmush -  «Эл ичи — өнөр кенчи» — рубрикасынын кезектеги каарманы «Достор» тобунун солисти Жайнагүл Калчаева. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

- Кайсы аймакта туулуп, өскөнсүз? Кандай билимдерге ээ болгонсуз?

- Киндик кан тамган жерим Ак-Талаа. Бирок түпкү тегим Ат-Башынын Бирлик деген айылынан болот. Чоң энем Ак-Талаанын Коңорчок айылынан экен. Ал киши кызматкер болгондуктан Ак-Талаада иштеп жашашкан. Өз атам дагы ушул жерде окуп, үй-бүлө күтүп, кийин Москвадан окуп келгенден кийин Ак-Талаа районунда кызматта иштеп, ушул жерге отурукташып калышкан. Ошондуктан мен дагы Ак-Талаада туулуп, өсүп, ушул жердин суусун ичип чоңойдум. Баетов айылындагы Ломоносов (Ш.Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде билим алдым. Фрунзеге келип Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун музыка бөлүмүн бүтүрдүм. Студент кезимде комсомол уюмун жетектеп жүрдүм. Алгачкы эмгек жолумду бала бакчадан музыка мугалими болуп баштагам. Кийин турмушка чыктым. Жолдошум дагы жогорку окуу жайын аяктап, филолог кесибинин ээси. Жолдошум экөөбүз ээрчишип алып, Нарын шаарына сапар тарттык. Ал жерде Тянь-Шань (азыркы Нарын) районундагы 8 жылдык орто мектепте мен музыка мугалими, жолдошум орус тилчи мугалим болуп 3 жыл эмгектендик. Андан соң, Ак-Талаа районуна барып, өзүм билим алган уям болгон Ломоносов атындагы орто мектебинде өз кесибим менен иштей баштадым. Жолдошум райондук билим берүү бөлүмүнө жумушка орношту. Бул жакта 3 жыл иштедик. 3 жылдан соң кайрадан Нарынга жөнөдүк. Жолдошумду ээрчип алып, ал каякка барып иштесе ошол жакка барып иштей берчүмүн. Ошол кезде педучилища деп койчубуз, азыр Нарын мамлекеттик университети болуп калбадыбы. Ошол жакта мен баяндан, вокалдан сабак бердим. Жолдошум Тянь-Шань райадминистрациясында иштеп калды. Райадминистрацияда иштеп жүргөн кезинде алгачкы жолу Кытай өлкөсү менен болгон байланыш ачылды. Жолдошум район акими менен бирге Кытайга чейин барып келди. Ал жакта бир топ кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, анын ичинде туризм багыты дагы камтылган экен. Ошол кезде алгачкылардан болуп туризм багытында фирма ачып, көпчүлүк адамдар фирмам аркылуу Кытайга каттап калышты.

- Чыгармачылыкка канча жашыңыздан баштап аралаша баштадыңыз?

- Ак-Талаада окуп жүргөн кезимде эле аралаша баштагам. Ал кезде комсомол, октябраттар, пионер дегендер болчу. Ошондой түзүмдөрдө ырдап жүрдүм. Мектепте радио бар болчу. Окуучуларды саптыкка тизерде, аларды радио менен чакырышчу. Мен ошол радиого барып ырдай берчүмүн. 3-4-класста окуган кезим болсо керек. Кыскасы кенедейимден эле театрда роль жаратып, ырдап калчумун.

- Канча музыкалык аспаптарда кол ойнотосуз?

- Кыз-келиндер окуу жайынын музыка бөлүмүндө билим алгам. Ал жерде болгону баян, аккордеон жана фортепиано гана үйрөтүштү. Хор боюнча сабак беришчү. Ушул 3 музыкалык аспапта ойной алам. Ошол окуп жүргөн кезимде эле колумдан баян түшчү эмес. Кийин мугалим болуп эмгектенип жүргөндө дагы баян көтөрүп жүрчүмүн. Ал тургай туризм багыты боюнча фирма ачып, Кытайга барып товар алып келчү элек. Автобуска түшүп алып, ошондо дагы баянымды алып, автобустун ичиндегилерге ырдап берип жүрдүм. Кошумчалай кете турган болсом, Кыргыз драм театрында иштеген Тамара Жумакаева эже менин устатым болуп калды. Ошол эжени ээрчип алып, ал эже ырдаган ырларды ырдай берчү элем. Тянь-Шань районунда иштеп жүргөн кезде «Ыр кесе» аябай даңазалуу болчу. «Ыр кесе» уюштуруп эле жүрчүбүз.

- Ырчылык талантыңыздын арты менен кайсы чет өлкөлөргө чыгып, өнөрүңүздү тартуулап келе алдыңыз?

- Биринчи жолу Кытайга бардым. Кытайдагы кыргыздардын Кызыл-Суу автономиялуу облусу түзүлүп, Токон Эшпаев агай баш болгон чыгармачылык топ Артуш шаарына барып, өз өнөрүбүздү тартуулап келдик. Союз тарагандан кийин 1992-жылдары аябай кыйын жашоо болбодубу. Завод-фабрикалар талкаланып, жумушсуздук күч алып, айлык маяна берилбей калды. Кыйын-кыйын дарыгерлер, таланттуу инсандар, кыскасы көп адамдар өз кесибин таштап, чаар баштыкты көтөрүп алып соодагерликке өтүп, Россияны көздөй агылып кетти. Мындай мезгилден биз дагы куру калган жокпуз. Бишкекке келип, кийим тигүү цехин ачып, 37 үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылдым. Шартка жараша кесибим алмашып кетти да. Кытайдан товар алып келип сатып жүрдүм. 1997-жылы Россияга сапар алдык. Новосибирск шаарында болдум. Бирок чыгармачылыгымды таштаган жокмун. Биринчи жолу Күмөндөр Абылов баштаган бир катар таланттарды Россияга концерт коюуга чакырдым. Россияда, Түркияда көп эле жүрдүк окшойт.

Мына жакында эле, тактап айтканда 2018-жылдын 12-майында Түркиянын Анталья шаарындагы мекендештерибизге жеке концертимди тартуулап келдим. Негизи ал жакка эс алууга барып, мекендештерибиз менен жолугуп сүйлөшүп калдык. Ал жерде иштеген Гүлшан деген курбум бар эле. Ал Түркиядагы кыргыз диаспоралары, коомдору менен сүйлөшүп, эч кандай афиша таратпастан туруп концертимди бердик. Аябай кубандым. Зал толтура эл келет деп күткөн эмесмин. Азыр интернеттин заманы болуп калбадыбы. Ал жерде ар кандай кыргыз коомдору, алардын лидерлери бар экен. Ошолор концертимди социалдык түйүн аркылуу бир-бирине билдирип эле заматта жарыя кылып коюшту. Ошентип жеке концертимди Антальяда тартуулап келдим.

- Ырчылык өнөрдөн, ишкерликтен сырткары дагы кандай жумуштарда жүрдүңүз?

- 2002-жылы Россиядан кайтып келип, кайрадан чыгармачылык менен алектене баштадым. К.Абыловдун «Сапарлашыма», Арзыбек Бедияровдун «Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө» жана ошондой эле «Токтогул сүйгөн Алымкан» аттуу ырларды аткарып, аябай популярдуулукка жетти. Ал ырларга клип тарттырдым дегендей. Ырчылыктан тышкары мамлекеттик кызматтарда иштедим. 2005-жылы Бишкектеги Рухий мурас конушуна элдер мени айыл өкмөт башчы кылып шайлап алышты. 2008-жылдын июнь айынан тарта 6 конушту камтыган муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) башчысынын орун басары болуп иштедим. 2013-2015-жылдары МАБдын башчысы болуп кызмат кылдым. Орусча МТУ деп койчу. Ага Көк-Жар, Төкөлдөш, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо, Рухий мурас конуштары жана Туңгуч кичи району карачу. Ошол 6 конушту жетектеп жүрдүм. Мындан тышкары тигүүчүлүк өнөрүм бар. Бишкекте алгачкылардан болуп кийим тигүү цехин ачкам.

- Рухий мурас конушунун түптөлүшү боюнча жана айыл өкмөт болуп турган учурда эмне иштерди атарууга жетише алдыңыз?

- Баягы Россияда иштеп жүргөн кезимде бул жакта маданият кызматкерлеринин же өнөр адамдарынын жашоосу кандай болду экен деп кызыгып калдым. Ал жакта чыгармачыл инсандарга жакшы шарттар түзүлүп берилиптир. Звёздный городок деп коюшат экен. Жазуучусу, ырчысы, куудулу, цирк кызматкери, актёру кыскасы маданият тармагындагыларга өзүнчө шаарча куруп беришкен экен. Мен ошондо ойлонуп калдым. Эмне үчүн бизде мындай кылса болбойт. Россиядан келгенден баштап маданиятчылардын айылын түптөөгө бел байлап аракет кыла баштадым. Ошондо Рухий мурас конушу түптөлдү. 137 чыгармачыл адамдарга мыйзамдуу жер чечтирип бердим. Азыркы учурда жашагандар жашап жатат, жашабагандар үйүн сатып жиберип башка жакка көчүп кеткен дегендей. Айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган мезгилде өкмөткө кайрылып жатып конуштардын көчөлөрүнө асфальт төшөлдү, ФАП салынды, электр энергия, таза суу киргизилди. Эми мунун баары албетте мамлекеттин эсебинен салынып берилди. Рухий мурас конушуна өзүмдүн аракетим менен демөөрчү таап, мектеп салдырып алууга жетиштим. Андан сырткары, Туңгуч кичи районуна жеке өзүм балдар аянтчасын куруп берүүгө жетиш алдым десем болот.

Ошол айыл өкмөт башчы болуп иштеп турганда айрым адамдар «Бул деген ырчы да. Ырчынын колунан эмне келмек эле. Сен барып филармонияңа эле ырдай бер» деп айткандар көп болгон. «Биз дагы билимдүүбүз, түшүнөбүз. Бизде дагы намыс, патриоттук сезим бар» деп билек түрүнүп алып, намыс менен иштеп бердим. Баш-аягы 9 жыл иштедим. Аялдан жетекчи болсо деле жакшы болот экен. Кадимкидей эле үйүңдөгү иштерди аткаргандай эле, 6 конуштун кайсынысында эмне көйгөй бар, дагы кандай иштерди аткарсам деп иштеп турдум. Андан соң, 2015-жылы Алтынбек Максүтов министр болуп дайындалган жылы мени министрликке кызматка чакырды. Ошондон бери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде иштеп жүрөм.

Кошумчалай кетсем, маданиятчылардын айылын түптөө боюнча кайрадан өлкө башчысына чейин кайрылууларды жөнөтүп жатып, аракет кылып, акыры эмгегимдин акыбети кайтып Кара-Жыгач конушуна 9 кабаттуу 4 үй салынып берилип жатат.

- Эже сахнада болобу же кадимки эле турмушуңузда болобу кызыктуу, күлкүлүү окуяларыңыздан айтып берсеңиз.

- Бир жолу Ысык-Көлдөн келип, жаңы эле жуунучу жайга түшүп чыккам. Аңгыча эле ырчы С.Балтаева эле телефон чалып «Ой эже каяктасыз? Өчпөс отко келе калыңыз, концерт коюп жатабыз» деди. Мен жаңы эле көлдөн келгенимди айтып, бара албайм десем, болбой эле «Болуңуз, азыр биз ырдайбыз» деп туруп алды. Шашкан боюнча эле унаамды айдап алып чыктым. Жолдон боенуп кетип бара жатам. Өчпөс отко барып, унаамды токтотуп коюп барсам, укмуш концерт болуп жатыптыр. Патриоттук, аскердик ырлар ырдалып жатыптыр. Биздин дагы кезегибиз жетип, ырдап бүткөндөн кийин мен кайра кеттим. Барып эле унаамды таппайм. Бир топко издедим. Анан Гүлзат Байзаковага чалып «Унаам жок, уурдап кетишкен окшойт» десем, кыздар дагы жетип келишти. Баарылап издеп жүрөбүз. Такыр таппай койдук. Арга жок ал жердеги милиция кызматкерлерине кайрылып, аларга унаамдын өңү-түсүн, үлгүсүн, номурунан бери айтып берсем, алар бир заматта бардык жерге «Унааны уурдап кетишти» деп билдирүү таратышты. Үйдөгү жолдошума, туугандарыма айттым. Алар дагы ызы-чуу эле болуп калышты. Бир маалда Нуриса Абазова келип «Жайнаш эже сиз мен көргөндө батыш тарабынан келдиңиз эле го. Азыр болсо чыгыш тарабынан издеп жатабыз да» деп калды. Батыш тарабынан карай баштадык. Аңгыча Нуриса «Эже тиги унаа сиздики эмеспи» деп көрсөттү. Көрсө батыш тарабына токтотуп коюп, чыгыш тарабынан издеп жүрүптүрмүн. Кайра келип баягы милиция кызматкерлерине айтсак, алар тараткан билдирүүлөрүн кайра артка кайтарышып, ошол жердеги МАИнин башчысы болуп баары шылдыңдап күлүшкөн. Мен болсо ыйлагым келгенимди айтпа. Ошол окуя такыр эсимден кетпейт.

Кечээ жакында эле Кырчында өткөн Көчмөндөр оюндарында «Көчмөн кайрыктары» деген долбоорду жетектеп жүрдүм. Бир аз шамал болуп жаткан болчу. Сахнага чыгып баратсам эле үкү топумду шамал учуруп кетип, аны колума кармап алып ырдаганга туура келди. Андан соң гала-концерт тартууладык. Сахнага тебетей кийип чыктым. Ичинде кептакыясы бар, сонун кооздолуп жасалган тебетей эле. Ырдап жатсам баягы тебетейимди шамал учуруп кетип, ошол жерге түшүп калды. Кайра тебетейимди жерден алып, кийип алып ырдабадымбы. Элден уялганымды айтпа эми. Эми көп эле күлкүлүү окуялар болот. Салима Балтаева өзү куудулчалыш да. Сахнанын артынан бизди аябай каткыртып күлдүрүп коюп, өзү сахнага чыгып «Оо анда көктөм эле....» деп токтоо туруп алып ырдай берет. Биз артынан айда күлүп алып, сахнага чыкканда күлкүбүздү тыя албай араң ырдайбыз.

- Азыркы учурда баарыбызга маалым. Айрым ырчылар жеңил-желпи ырларды аткарып жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Туура. Биз артка кылчайып эле мурунку чыгармаларды, ырларды издей беребиз. Себеби, кыргыздын нукура ырларына не жетсин. Бирок азыркы учурларда көп ырларды бузуп ырдап жатышкандыгы өкүндүрөт. Капа болобуз. Айтайын дегеним ошол ырды композитор, обончу өзү төрөп алган, тактап айтканда жан дили менен чыгарган чыгарма. Ал чыгарма кандай жаралса ошол боюнча калышы керек. Бузуп же өзгөртүп ырдагандарга каршымын. Бул эми эстрадалык вариантка салдык дегени менен, композитордун жан дилинен чыккан чыгарма өзгөрүлүп кетип жатпайбы. Чыныгы профессионал ырчы болсо эч качан ырды бузуп ырдабайт. Жеңил-желпи ырлар бар. Элге тез жетип, бирок тез эле жоголуп кетет. Ал ырларга күчтүү аранжировщиктер аранжировка жасап берип коёт экен. Мен өзүм кандай ыр болбосун биринчи кезекте ырдын сөзүнө, маанисине маани берем да, андан соң аткарам. Ал эми фонограмма дегенди мен кийин эле билдим. Ал деле керек. Бирок фонограммага дагы өзүңдүн үнүң менен, жасатпай, бузбай ырдаш керек. Анткени, ошол үнүң менен кандай жер болсо дагы жандуу ырдаганга дагы туура келип калат.

- Учурда «Достор» тобунда ырдап жүрөсүз. Ушул топтун түзүлүшү жана курамы боюнча кошумчалай кетсеңиз?

- «Достор» тобу 2006-жылы түзүлүп, ушул эле жылы биринчи жолу концертибизди бергенбиз. Ал учурда топтун курамында 8 ырчы болчубуз (Жайнагүл Калчаева, Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Айчүрөк Султанова, Нуриза Абазова, Гүлбү Орозкул кызы, Дильшат Кангелдиева, Орозгүл Токторбаева). Өкүнүчтүүсү, арабызда Гүлбү Орозкул кызы жок. Калган кыздар менен дагы деле сүйлөшүп турабыз.

«Достор» тобунун түзүлүшүнүн тарыхы мындай болгон. Жогоруда аты аталган 8 ырчы шерине ойноп жүрчүбүз. «21-кылымдын жылдыздары» теле долбооруна сегизөөбүз Адылбек Кыязовдун «Достор ай» ырын хор ырдап чыкканбыз. Ошол хорубуз аябай дүң болуп, 2006-жылы июнь айында «Досторго» аттуу концертибизди бердик.

- Эжеке маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалайбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×