Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2018 09:21

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылындагы китепканага адабий китептер тапшырылды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылдык китепканасына адабий 215 даана китеп берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, жалпы баасы 130 миң сомду түзгөн китептерди Чолок-Кайың айылынан чыккан акын, 6 китептин автору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаңыл Бердигулова тапшырды.

«Жаңыл Ашырбековна эжебиз көп жылдан бери шаарда жашайт. Биздин китепканага абдан кызыктуу, сейрек кездешүүчү китептерди тартуулады. Өзүбүздүн айылдан чыккан акын эжебизге айылдын «Ардактуу атуулу» наамын жана китепканага эженин ысымын берүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Муну айылдык кеңештин депутаттары менен бирге карайбыз. Октябрь айында жакшы маданий иш-чара уюштурууну пландап жатабыз. Ошол иш-чарага дагы Жаңыл эжебиз келем деди. Ошондо дагы бир топ китеп ала келерин айтты», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×