Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2018 13:50 На русском

Жаңы-талаптык эр эңишчилер Көчмөндөрдө чемпион аталып, биринин сүрөтү «Нью-Йорк таймстын» башкы бетине жарыяланды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын эр эңиш боюнча 2 балбаны Көчмөндөр оюндарында чемпион болушкандыгын жергиликтүү тургун Азамат Абдраев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча күч сынашкан Ислам Бердибек уулу 80 килограмм салмактагылар арасында чемпион болууга жетише алса, ал эми Жекшен Турдубеков 60 килограмм салмактагылар арасында чемпион болуп, ар бири 70 миң сом байгеге ээ болушту.

«Биздин эки балбан уулубуз тең Көчмөндөр оюндарында чемпион болушту. Ислам Бердибек уулунун эр эңиш учурундагы тартылган сүрөтү АКШнын "Нью-Йорк таймс" гезитинин биринчи бетине чыкканына кубанып жатабыз», - деди А.Абдраев.

Ысык-Көлдө өткөн Көчмөндөрдү чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет элдик ЖМКнын 500дөн ашык өкүлдөрү келишкен болчу. Анын ичинен 500ү телеканал, 12си радио, 67си маалымат агенттиги, 48и гезит, 50сү блогерлер.

Тема боюнча: Айыл турмушу: Ак-талаалык Ислам эр эңиш боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданып жатат (фото)

Айыл турмушу: Ак-талаалык балбан Ж.Турдубеков эр эңиш боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болду (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×