Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2018 14:40 На русском

Айыл турмушу: 35 жаштагы К.Байышов айылга таштаман чыгаруучу цех ачып, 5 адамды жумуш менен камсыздады (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Коңорчок айылынын 35 жаштагы тургуну Камчыбек Байышов Баетов айылына таштаман өндүрүүчү цех ачып, 5 адамды жумуш орду менен камсыз кылды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Экономист кесибинин ээси болгон Камчыбек мырза буга чейин айылга сарай куруп, эт багытындагы бодо малдарды көбөйтүү менен алектенип келген.

«Таштаман өндүргөн цехти буга чейин Бишкекте да ачып иштеткем. Жабдууларымды Ак-Талаага алып келдим. Бул цехти бизде таштаман өндүргөн цех жок болгондуктан, заманбап үйлөрдү куруп жаткан жердештерибизге жеңилдик болушу үчүн ачтым. Цехти ачууга 1,5 млн сом сарпталды. Бул жерде 4 түрлүү таштаман чыгарылууда. Бир күндө 50 чарчы метр жерге жете турчу таштаман өндүрүп жатабыз. 1 чарчы метр жерге 22 даана таштаман коюлат. Бир күндө 1100 даана таштаман чыгарылат. 1 чарчы метр жерге төшөлө турчу таштамандын баасы 400-410 сомдон. Ал эми жумушчулардын эмгек акысы иштегенге жараша төлөнөт. Мисалы, бир күндө 50 чарчы метр жерге төшөлө турчу таштаман өндүрсө, ар бир жумушчуга 600-700 сом төлөнөт. Учурда цехте чарба башчысы болуп Айтбай Турганов иштеп жатат», - деди ал.

Үй-бүлө күтүп, эки уулдун атасы болгон Камчыбек мырза шагыл, кум чыгаруучу завод ачууну пландап жатат.

«Адам болгондон кийин алдыга бир катар пландарды коюп жашайсың да. Ошол пландарың ишке ашып, элге, мамлекетке пайдасы тийип турса кубанасың дегендей. Кудай буюрса, долбоорлор аркылуу шагыл, кум чыгарган кичи завод курууну пландап жатам. Андан сырткары, ветлаборатория ачуу менен бирге эле эт багытындагы бодо малдарды көбөйтүп, семиртүү жана касапкана ачууну көздөп жатам. Албетте, буларга бир топ каражат керек. Антсе дагы аракет кылса, артында берекети болот. Негизи буга чейин эт багытындагы 70 бука алып келип бордогонбуз. Бирок өзүң карабагандан кийин уурдалып же жакшы багылбай, жоголуп кете берет экен. Ошондуктан аларды сатып жибергенбиз. Кудай кааласа бул ишти кайра баштайын деп жатам», - деди К.Байышов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×