Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2018 20:06

Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылындагы жаңы бакчанын курулушу аяктап калды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында белгилүү балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата салынып жаткан коомдук бакчанын курулушунун 70 пайызы бүткөрүлгөндүгүн айыл өкмөт башчысы Руслан Алдеев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата айылда марафон уюштурулуп, жергиликтүү тургундардан 280 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 300 миң сомдон ашык каражат чогултулган. Ошондой эле айыл өкмөттүн муниципалдык жеринен 13 сотых жер тилкеси бөлүнүп, ал жерге коомдук бакча курулуп жатат. Айыл өкмөт башчысынын билдиргенине караганда, курулуш иши октябрь айынын аягында бүтөт.

Жазуучу Ш.Бейшеналиев Куртка (азыркы Жаңы-Талап) айылында туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×