Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2018 17:48

Ой-пикир: Аймактарды өнүктүрүү жылы Ак-Талааны айланып өтүп кеттиби?

Turmush -  2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганы көпчүлүктү кубандырганы менен көп көйгөйлөр чечилбей кала берди. Бул жыл кайсы аймакка канчалык деңгээлде пайда алып келди башка кеп. Бирок, Аймактарды өнүктүрүү жылы Ак-Талаа районунан айланып кеткендей эле элес калтырды. Арийне, жарыяланган жылдын шылтоосу менен жыртык-тешигибиз бүтөлүп калабы деген илгери үмүт үлбүлдөп жатты эле, эми болсо биротоло өчкөнсүдү. Өчпөгөндө эмнеси калды дейсиң? Үч айдан соң жыл алмашат. Ушул үч айда эмнени өнүктүрүп же куруп жибергенге үлгүрүшсүн.

Аймактарды өнүктүрүү жылы деп мектепте, музейде же китепканада гана бир аз майда-барат иш-чаралар белгиленип жана ушул жылдын аталышы гана баннерге жазылып, ар кайсы жерге илингени менен көзгө көрүнүктүү, опол-тоодой орчундуу деле эч нерсе аткарылган жок. Муну эч ким тана албас. Кыскасы Аймактарды өнүктүрүү жылында бул иш аткарылды, бул көйгөй чечилди, мынча мектеп салынды, мынча канал курулду деп бирин дагы санап бере албайсың. Аты бар, заты жок.

Болбосо, ушул жылы аяктабай жаткан бир нече объектилердин курулушунун бүтүшүн жеригиликтүү тургундар зарыгып күтпөдүбү. Алсак, мындан 4 жыл мурун башталган Кош-Дөбө айылындагы 300 орундуу спорт залдын, Чолок-Кайың айылындагы котлованы казылган, каалоо-тилеги айтылган, капсуласы салынган Бердаалы Календеров атындагы орто мектептин жаңы имараты, Терек айылындагы спорт залдын, Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин кошумча корпусу жана ошондой эле 2017-жылы курулушу башталган Ак-Кыя айылындагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектептин имаратынын курулуш иштери аягына чыккан жок. Жок дегенде курулуш иштери башталган ушул объектилердин эки-үчөөсүн бүткөрүп берип коюшса «ии» деп калбайсыңбы. Кашайгырдыкы десе.

Булардан башка дагы далай-далай көйгөйлөр бар эле. Мисалы, таза суунун тартыштыгы, бала бакчанын жетишсиздиги, мектептердин имаратанын эскилиги жана башка маселелер. Ошондой эле Баетов айылынан тарта Кош-Дөбө айылына чейин, Ак-Тал айылынан Ак-Кыя айылына чейин жана Ак-Тал айылынан Кызыл-Белес айылына чейинки таштак жол элдин эсин эки кылып, шоопурлардын шорун кайнатып келет. Мындан тышкары сугат суусунун тартыштыгынан улам Терек, Баетов, Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айылдарында жыл сайын көйгөй жаралып, каналдын же арыктын башында суу талашкан дыйкандардын маселесин көрүп, көңүлүн буруп койгон жан адам болбоду го. Канча мезгилден бери районго келген эл өкүлдөрүнө деле, министрине деле «Жаман-Даван суусуна гидротехникалык курулуш куруп бергилечи, 10 миң гектардан ашык аянтка сугат суусу кеңири жетет эле» деп какшап айтып келишти. Баары эле «Макул» деп баш ийкеп кетишет, бирок жылыш жок. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көйгөйдү жогору жакка жеткирдик, жибердик дейт, жогорку бийликтен болсо ушул күнгө чейин жооп жок.

Мына! Аймактарды өнүктүрүү жылында алдыга жылбай токтоп калган иштер. Бул орчундуу, көзгө таамай көрүнүп, ак-талаалыктардын кабыргасы сөгүлүп, көкүрөктөн Ак үй менен Көк үйгө арман болуп төгүлүп турган көйгөйлөр. А, бирок ушул көйгөлөрдү көргөн, уккан бийлик бир нерсе кылдыбы? Карапайым эл айтты, алар укту. Жыргатаар жыйынтыгы эмес, «нормальный» натыйжа дагы жок.

Аймактарды өнүктүрүү жылында Ак-Талаа районунда эмне иш жасалды деп сурай турган болсок, анда беш манжаңды да жума албай каласың. Чынында эмне иштер жасалды? Алып көрөлү. Жаңы-Талап айылында Германия эл аралык кызматташтык уюмунун колдоосу менен ФАП салынды, Нарын—Баетов унаажолундагы 1 чакырым жолго, Баетов айылындагы Зина Ашырбаева көчөсүнүн 400 метр аралыктагы жолуна жана Кайыңды-Булак айылындагы 1 чакырым 700 метр жолго асфальт төшөлдү. Кыскасы, кылайган эч нерсе кылынган жок, бир дагы кызыл тасма кесилген жок. Болгону, жакынкы аралыкта мындан 4 жыл мурун курулушу башталган архивдин имаратынын курулушу бүтөт деп жатышат, бирок анын деле бүтөрүнө, кызыл тасмасы кесилерине күмөнүм бар.

Болбосо, жогоруда айтылгандай Аймактарды өнүктүрүү жылы деп «ураалап», иш менен эмес китепкана, музейге, мектепке, райадминистрацияга чогулуп алып куру кеп сүйлөп, жыйынтыгы жок жыйналыш өткөрүп, таасири жок талкуу жасап, акыр аягын ак кагазга өттү-бүттү деп отчёт берип коюу менен Ак-Талаада Аймактарды өнүктүрүү жылы жыйынтыкталууда. Бир сөз менен айтканда, Аймактарды өнүктүрүү жылы Ак-Талааны айланып гана өтүп кетти десек куп жарашат.

Автор: Адилет Сагыналы, Ак-Талаа району

Автор менен редакциянын көз карашы дал келбеши мүмкүн

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×