Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.09.2018 17:00 На русском

100 сом менен башталган үй-бүлөлүк жашоо: Бээни жалгыз жыккан Айтолкун жеңени кайнатасы тизесине отургузуп эркелетчү (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 41 жаштагы тургуну Айтолкун Мамытбекова.

Айтолкун Мамытбекова 1977-жылы Баетов айылында туулган. Атасы Батырбек Мамытбеков 42 жашында күтүлбөгөн жерден каза болуп калса, апасы Айжамал Ибраимова райондук статистика башкармалыгында 43 жыл иштеп ардактуу пенсияга чыккан. Айтолкун жеңе 7 бир тууган. Тактап айтканда 5 кыз, 2 уул. Өзү экинчи кыз. Ал 1995-жылы 18 жаш курагында Кара-Бүргөн айылынын тургуну Фархад Мааданбековго турмушка чыккан. Быйыл жолдошу менен бирге түтүн булатканына 23 жылдын жүзү болуп, бул мезгил аралыгында алар 4 уул жана 1 кызды тарбиялашты.

«Жолдошум экөөбүз кесиптик лицейде окуп жүргөндө таанышканбыз. Мага кең далылуу, чымыр денелүү жигиттер жакчу. Фархад спортчу болчу. Дзюдо менен машыккан. Экөөбүз 1 жыл сүйлөшүп жүрүп, 1995-жылы күзүндө баш кошконбуз. Биз анда шаарда элек. Азыркы жаштар 5-6 унаанын коштоосунда үйлөнүп жатышпайбы. Биз Бишкек—Баетов каттамындагы илгерки сары автобус менен үйгө келгенбиз», - деди Айтолкун жеңе.

Өз алдынча комуз черткенди үйрөнүп, Ашыраалы Айталиевдин "Нарындан жазган салам кат", Жамин Акималиевдин "Жалжалым", "Ак кептер" аттуу ырларын созолонто ырдаган Айтолкун жеңе келин болуп келгенде кайнатасына ырдап берген.

«Жаңы келин болуп келдим. Ачуу басарга кетишти. Атам кайнатама кызым комуз менен жакшы ырдайт деп коюптур. Кайнатам ачуу басардан келери менен мени чакыртты. Мен көшөгөдөн чыгып барсам "Кызым, комуз менен жакшы ырдайт экенсиң. Мага ырдап берчи" деди. Ошондо кайнатама комуз чертип ырдап бергем. Кайнатам өзү дагы комуз чертет экен», - деди жеңебиз.

Баш кошкон жубайлар айылга көпкө турбастан кайрадан шаарга сапар алышып, жолдошу Ф.Мааданбеков экөө тумак тигип, аны сатып алгачкы үй-бүлөлүк турмушун башташкан.

«Жолдошум тумакты укмуш тикчү. Экөөбүз шаарга бардык. Биздин үй-бүлөлүк жашоо суурдун терисинен тигилген 2 тумак же 100 сом менен башталган. Тактап айтканда, 100 сомго 4 суурдун терисин сатып алып, 2 тумак тигип, Ош базарга барып сатып келген. Ал кезде тумактын баасы 200-250 сом болчу. Бир тумакты жасаш үчүн терини ийлеп, жууп, боёп, калыпка салып, кургатканга 2 күн убакыт кетчү. 3-4 саатта 4 тумак боёп, калыпка салып койчубуз. Көбүнчөсүн өзү эле тикчү. Мага да үйрөтүп койгон. Ал базарга кеткенде мен үйдө тумак тикчүмүн. Суурдун, ондатранын, норканын терилерин сатып алып тикчү элек. Андан сырткары эски тумактарды оңдоп берип каражат тапчу. Тигил жок, бул жок деп ызылдашып, урушкан күндөрүбүз болгон жок. Барга каниет, жогуна кайыл болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап келе жатабыз», - деди Айтолкун жеңе.

Турмуш агымы кайрадан бул үй-бүлөнү айылга келүүгө мажбурлады. Жолдошу лицейге дене тарбия мугалими болуп орношуп, айылдагы жашоо уланды.

«Жолдошум лицейде машыктыруучу болуп иштеп, көптөгөн улан-кыздарды машыктырып, республикалык деңгээлдеги мыкты спортчу кылып чыгарды. Бир аз мал күттүк. Бирок Фархад мал бакканга жөндөмү жок болчу. Антсе дагы 12 жыл жайлоого чыктык. Өзүбүздүн малыбызды, элдин малын багабыз. Башында 300-400 баш кой алып баксак, кийин 950гө чейин алып жүрдүк. Ошондо бир койду айына 20-25 сомдон бакчубуз. 5-6 уй саачумун. Сары май, курут жасап, кышында ичебиз деп 100 литрге чейин кымыз жаап келчүмүн. Бирок ал кезде азыркыдай май, куруттун баасы жок болчу. Келген-кеткен кишилерге бекер эле берчүбүз. Азыр кымыздын 1 литри 60 сом, сары май 300 сом, сүзмөнүн 1 килограммы 60 сомдон кем эмес сатып жатышпайбы. Азыр Фархат мал дегенде ичкен ашын жерге коюп, малды жакшы багып калды», - деди А.Мамытбекова.

Айтолкун жеңе: «Жан-Чукур жайлоосун жайлачубуз. Эки үйүр жылкы байлап, 10-15 бээ саачумун. Бир жолу бир бээни саайын десем карматпай качат. Фархат бир жакка кеткен. Балам экөөбүз эле калганбыз. Тапан тузак деп койчубуз. Аркандын бир башын сыйыртмак кылып алып, жерге жайып коёсуң. Акырын бээни ошол жакка айдап келдик. Бир убакта бээнин алдыңкы буту баягы сыйыртмакка түштү. Ошол учурда сыйыртмакты тартып жиберсем, бээ ары-бери жулунуп, качууга аракет кылып жатып, бир маалда тоголонуп жыгылды. Анан барып кармап алдык. Бээ дагы корккон, корпогонуңду билип турат.

Биринчи жолу бээ сааганды аяшым үйрөткөн. Ал мени биринчи жолу бир бээни сааганга отургузду. «Бул бээ мурун саалчу беле?» десем, аяшым «Ооба, коркпой эле саай бер» деп койду. Отуруп алып саадым. Көрсө ал байтал бээ экен. Биринчи жолу саалып жатыптыр. Кийин айтып жатышпайбы», - деди.

Азыркы учурда май куюучу жайда оператор болуп иштеп жаткан Айтолкун жеңе кайнатасынын келиндерге өз кызындай мамиле кылганын эскерип өттү.

«Кайнатам абдан жакшы адам болчу. Өзү тарых сабагынан мугалими эле. Келиндерин аябай эркелетчү. Бизди "Секет кетейин" деп чекебизден өөп, тизесине отургузуп алып эркелетчү. Мен башында уялып көнө албай жүрүп, кийин көнүп калдык. Үйдөн «Угадай мелодия» деп ойночубуз. Чоң кайненем, кайнатам жана кайненем калыс болушат. Биз үйдөгү кайнилерим, кайын сиңдилерим болуп баарыбыз чогулуп алып ойнойбуз. Мен келин экенимди унутуп калып, оюндун кызыгына кирип, талашып-тартышып ойноп кетчүмүн. Бирок Фархат акырын көзү менен карап койсо гана токточумун. Өз атам каза болуп, мен аябай ыйлап жатсам, кайнатам мени тизесине отургузуп алып, чекемден өөп "Секет кетейиним десе, айла жок. Ыйлаба балам. Атам жок дебе, мен атаңдын ордуна ата болуп берейин" деп соороткон. Кайнатам бир тилегине жетпей калды, байкуш киши. Бир балам жайлоого чыкса, жайкысын барып кымыз ичип турсам деп тиленчү экен. Биз жайлоого чыгардын алдында сарай салганбыз. Ошол сарай салынып бүткөн жылы аябай кудуңдап сүйүнүп келип, эми буюрса тилегим ишке ашат экен деген. Тилекке каршы андай болбой калды. Ошол жылдын күзүндө көзү өтүп кетти. Көзү өтүп кеткенде аябай жаман болдум.

Той-топурга барып калганда ыр кесе дешип ырдатышат эмеспи. Ошондой учурларда кайнатам: "Менин келиним жакшы ырдайт. Ордума келиним ырдасын" деп койчу. Анан мен заңкылдатып ырдап берчүмүн. Үйдөн деле келиндерин ырдап бергиле дей берчү, байкуш киши», - деди ал.

Айтолкун жеңе учурда үй-бүлөсү менен чогуу Баетов айылында жашайт. Жолдошу Ф.Мааданбеков кеч күздө жүк тартуучу унаасы менен көмүр тартып иштесе, башка убакыттарда айыл ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу менен алек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×