Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 21.09.2018 08:07 Жаңыланды: 26.09.2018 13:09 На русском

Эрдоганга тартууланган белек: Катардын элчиси көп сүрөттөрдүн ичинен Калыстын эмгегин тандады (сүрөт)

Turmush -  Ак-талаалык жаш сүрөтчү Калыс Кубанычбеков Катардын Кыргызстандагы элчилигинин буйрутмасы менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Катардын эмири Тамим Бен Хамад Аль Тани менен түшкөн сүрөтүн тарткан.

Өзүнүн айтымында, сүрөттү 22-августта тартып баштап, 30-август күнү толук бүтүп, буйрутма ээлерине берген. Калыс бул сүрөт үчүн күн-түн дебей эмгек кылып, уйкудан алыстаган. Буйрутма ээлери ал сүрөттү 2-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга белек катары тапшырышты.

«Негизи бул сүрөттү 3 сүрөтчүгө табышташыптыр. Мен уйкуну таштап, аябай эмгек кылдым. Себеби, жоопкерчиликтүү сүрөт болду. Ошондой эле кадыр-барктуу падышалардын сүрөттөрүн тартуу – мен үчүн чоң сыймык болду. Катар элчиси Абдулла Бин Ахмад аль Сулейти 3 сүрөтчүнүн ичинен менин эмгегимди жактырып, сапаттуу деп тандап алды. Сүрөттүн тартылышын улам фотоаппаратка түшүрүп турдук», - деди Кубанычбеков.

Калыс бул эмгеги үчүн 1000 доллар алган.

Ал 1990-жылы Ак-Талаа районунда төрөлгөн. Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектеп-интернатын 2004-жылы бүткөн соң, 2004-2007-жылдары академиянын колледжинде окуган. Андан соң, ушул эле академиянын станоктук искусство (сүрөт тартуунун бир түрү) факультетин 2013-жылы бүтүп, толук жогорку билимге ээ болгон.

Калыска Москва шаарынан буйрутма берилип, натюрморт (кыймылсыз буюмду тартуу) сүрөтү 1000 долларга сатылган. Ошондой эле Алмата шаарында казак сүрөтчүсү Айша Калынбаеванын жармаңкесинде дагы бир эмгеги 1300 долларга сатылган.

Тема боюнча: Айыл турмушу: Ак-талаалык сүрөтчү К.Кубанычбеков 1300 долларлык эмгектерди жаратат (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×