Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.09.2018 16:45

Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылында 35 жаштагы тургунду сабаган жигит 5 жылга эркинен ажыратылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылынын 35 жаштагы тургуну М.М.ны ур-тепкиге алып сабаган М.С. аттуу жаран 5 жылга эркинен ажыратылгандыгын райондук прокурордун улук жардамчысы Сапар Момбаев билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 10-майында болжол менен саат 12:30 чамасында аталган айылдын Кененсары жана Мусакожо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан айылдык оорукананын имаратынын күн чыгыш тарабындагы тосмосунун жанынан 1983-жылы туулган М.М. аттуу тургун менен чала таанышы М.С.нын ортосунда чыр чыккан. Андан соң, М.С. 35 жаштагы тургунду ур-токмокко алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча 14-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1-бөлүмү (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. 23-май күнү кылмышка шектүү катары М.С. кармалып камакка алынган.

Ак-Талаа райондук сотунун 2018-жылдын 30-августтагы өкүмү менен М.С. күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×