Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.09.2018 10:41 На русском

Ак-Талаадагы таш менен салынган Тик-Таш каналы 10,5 млн сомго арзан курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек жана Баетов айыл аймактарын сугат суусу менен камсыздоочу Тик-Таш суу каналынын курулуш иштери толук аяктады. Бул тууралуу райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Байышбек Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 1960-жылы таш менен курулган Тик-Таш каналы аталган эки айылдын дыйкандарына 50 жылдан ашык убакыт кызмат кылып, жыйынтыгында авариялык абалга туш болгон же тактап айтканда каналдын 90 пайызы жараксыз абалда эле. Анын кесепетинен дыйкандарга сугат суусу толук жетпей калган болчу. Мындан улам райондук суу чарба башкармалыгынын демилгеси менен каналды кайрадан таш менен куруу колго алынган.

«2016-жылы дыйкандардын көйгөйү эске алынып, Терек-Сай суусунан сугат суусун алып келүүчү Чоң Бактыгул каналынын Р-3 бөлүгүн кайра курууну баштаганбыз. Р-3 жана Тик-Таш каналы менен Баетов айылындагы дыйкандардын 707 гектар аянт үлүш жери жана 197 гектар аянтты түзгөн бакча (огород) жерлери сугарылат. Жалпы 904 гектар аянт. Андан сырткары Келте-Чап чөлкөмүндөгү суу сактагычка сугат суу толтуруп келген. Буга чейин каналга батпаган сугат суунун калганы сай аркылуу алынып келчү. Каналдын кайрадан калыбына келтирилиши менен Баетов айылына тиешелүү сугат суусу канал аркылуу толук бериле баштады. Эски каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундасына 700-800 литр болсо, каналдын калыбына келтирилиши менен секундасына 1300-1500 литрге чейин көтөрүлдү», - деди Б.Акматов.

2432 метр же тактап айтканда 2 чакырым 432 метр канал өзгөчө ыкма менен жалаң таш менен курулду.

«Бул каналдын жалпы узундугу 2432 метр. Каналдын сметалык наркы 15 млн 29 миң сомду түзгөн. Мындай чоң каражат менен мамлекет тарабынан каржыланышы мүмкүн эмес болгондуктан, чарбалык ыкма менен жумуш аткарылды. Каналды курууга 4 млн 464 миң сом каражат жумшалды. Мунун ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, каналда иштеген адамдарга эмгек акысына өсүмдүк майы берилди. Башкача айтканда аталган уюм тарабынан 1025 млн сомдук эмгек акы төлөндү. Жыйынтыгында 10 млн 565 миң сомго жумуш арзан бүткөрүлүп, 904 гектар аянтка сугат суусун берүү жакшырды. Жакынкы күндөрү каналдын ачылыш аземи белгиленет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×