Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.09.2018 12:15 На русском

Айыл турмушу: Ак-Талаада экс-министр элита картошкасын өстүрүп, 5 га жерден 1,5 млн сом кирише табууну көздөөдө (сүрөт)

Turmush -  Экс-министр Карыпбек Асанов Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында элита картошкасынын 3 түрүн өстүрүп жатат.

1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри кызматын аркалаган, учурда ардактуу эс алуудагы экс-министр К.Асанов 2016-жылдан бери кичи мекенине келип «Маңгел» айыл чарба кооперативин түзүп, дан эгиндеринин элиталык сортторун өстүрүп келген болсо, 2018-жылдын жаз айынан бери картошканын элиталык сортторун өстүрүүнү колго алып келүүдө.

«Негизинен биздин Ак-Талаада көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн жана арпа, буудай айдап жүрүшөт. Бирок чындыгына келе турган болсок, элдер талаачылыктан анча киреше ала албай жатышат. Кочкор районунун Кум-Дөбө деген айылында 1250 гектардан ашык аянтка картошка айдап, 1 жылда жарым миллиард сомдук киреше табышат экен. Ошол себептен улам Россиянын Ставрополь шаарынан супер элиталык сорттогу картошканын 3 түрүн алып келип, 5 гектар аянтка айдадык. Пикассо сортунан 1 тонна, романо деген сорттон 3 тонна жана лакона деген сорттон 1 тонна алып келип айдаганбыз. Азыр өзүңөр көрүп тургандай түшүмүн жыйнап жатабыз. Түшүмү абдан жакшы болууда. 30 тоннадан 40 тоннага чейин түшүм берүүдө», - деди К.Асанов.

Айыл чарба тармагы менен алектенип, коомдук ишмер катары гана таанылбастан акыркы учурларда колуна калем кармап акындык таланты менен дагы таанылып, бир нече китептин автору болууга жетише алган экс-министр буудай айдап саткандан көрө картошка көп киреше берерин айтат.

«Азыркы учурда буудай айдасаң өз чыгымын актабай калып жатат. Мисалы, 1 гектар аянтка буудай айдасаң 20 центнерден түшүм берет. 20 центнер буудайды 10 сомдон сатсаң, ашып кетсе 20 миң сом болот. Ал эми 1 гектар аянтка картошка айдап жакшы баксаң, 30 тонна түшүм берип жатпайбы. 30 тонна картошканы 10 сомдон сатсаң, 300 миң сом киреше түшөт. Бул абдан кирешелүү. Ошон үчүн элдерге картошкөңа айдагыла деп кайрылып жатам. Мына бизде жер кенен. Бардык айылда бирден гектар аянтка картошка айдап алышса сонун болбойбу. Мен мунун жанымды бага албай калганымдан улам алып келип айдап жаткан жерим жок. Ушул элге көргөзмө, үлгү болсун деп жатам. Картошка казган атайын комбайн алып келдик. Нарын облусу боюнча мындай техника жок. Чүйдө бир-эки жерде бар экен», - деди экс-министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×