Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.09.2018 08:00 На русском

Кыргызстандын жаратылышы: Бычан жайлоосу — Мадали хандын колу кырылып, сараң байдын мал-мүлкү ташка айланган жер

Turmush -  Кыргызстандагы кооз жайлоолордун бири — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Бычан жайлоосу.

Бычан жайлоосу Кош-Дөбө айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жайлоо эки өрөөнгө Кең Бычан жана Кичи Бычан деп бөлүнөт. Кең Бычан айылдын түштүк-батыш тарабында, ал эми Кичи Бычан батыш тарабынан орун алып, Арпанын Ала-Тоосу, Саймалуу-Таш коругу жана Байбиче тоо кыркалары менен чектешип, Ала-Буганын сол куймасы болгон Бычан суусу жайлоону аралап агат. Узундугу 56 км, алабынын аянты 1050 чарчы км, суу Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталынан башталат. Аталган жайлоонун климаты туурасында айтсак, май жана июнь айларында жаан-чачын көп болуп, кышкысын кар оор түшөт.

Кең мейкиндикти ээлеп жаткан Бычан жайлоосунда кандай өсүмдүктөр өсөт жана кайсы жаныбарлар мекендешет? Алсак, тоо беттери токойлуу. Карагай, четин, кайың, долоно, тоо карагат, бөрү карагат, ак-кайың, тал жана алтыгана сыяктуу өсүмдүктөрдү көп кездештирүүгө болот. Жаныбарлар кийик, элик, карышкыр, кашкулак, суур, ач-күзөн, сүлөөсүн, кундуз, суусар, аюу, түлкү, коён жана башкалар байырлашат. Куштардан бөдөнө, үпүп, торгой, кара боор, күкүк, кекилик, чил, улар, бүркүт, ителги, күйкө жана башка жан-жаныбарлардын мекени. Ошондой эле Кыргызстанда кызыл китепке кирген, сактоого алынган кийик, аюу, сүлөөсүн жана суусар жашайт.

Бычан жайлоосу тарыхый чоң окуяны камтып турат. Тактап айтканда, 18-кылымдын орто ченинде тарыхта Кокон хандыгынын эң залим ханы эсептелинген Мадали хан Тайлак баатырды туткундап келүүгө Арап баатыр баштаган 500 сарбазды жөнөткөн. Муну билген Тайлак баатыр аскерлерин баштап барып, Арап баатырдын колун Бычан жайлоосунан тосуп алган. Ошол бычан жайлоосунун капчыгайындагы кичирээк белден (ашуу) Арап менен жекеме-жеке чыгып урушуп, жыйынтыгында Арап баатырды найза менен сайып өлтүргөн. Мына ошол жер Араптын бели, айрым санжыраларда Арап өлгөн жер деп аталып калган.

Андан сырткары, таштары ар кандай буюмдарга, тамак-аштарга окшошкон Ас-Казан чөлкөмү дагы көргөндөрдүн таң калдырып келет. Өткөн доорлордо бул өрөөндө төрт түлүк мал асыраган, өтө чириген сараң бай жашап келген. Ошончо байлыгы туруп кол алдындагы малайларына арткан азыгын бербеген сараң бай болуп, бир күнү кудайдын каарына калып, ал жайлаган өрөөндү кар басат. Жети күн-түнү бороон-чапкын болуп, бул өрөөндөн көчүп кеткиси келген бай, төөлөргө жүгүн артып жаткан мезгилде, артылган жүгү, кургаткан курут-майы, токочу, идиш-аягы, көмкөрүлгөн казандары жана башка оокаттары таш болуп катып, жыйнаган оокат-мүлкү, мал-жаны турган бойдон ташка айланып калган деп божомолдонуп келет.

Ошондой эле, Орус падышачылыгынын баскынчылык саясатына каршы күрөш жүргүзгөн ошол аймактагы Жаныбек казынын орус аскерлери менен беттешип урушкан тоо чокусу Пулемёт чоку деп аталып калган. Мунун себеби ошол чокуда азыркы күнгө чейин пулемёттун окторунун калдыктары жатат.

Ал эми Кош-Дөбө айылынын тургуну Б.Күреңкеев Бычан жайлоосунун аталып калышы туурасында төмөндөгүдөй ой бөлүштү.

«Бычан дегенди мен дагы буга чейин билбей эле келгем. Мындан 4-5 жыл мурун түштүктөн кудаларым келип калып "бул бычанды эмнеге чаппайсыңар?" деп суроо салып калды. Көрсө бычан деген чөп чабык же шалбаа чөп дегенди билдирет экен да. Чындыгында Бычан жайлоосунун чөбү узун болуп өсүп, тоютка деп чаап алса дагы боло турган өсүмдүк экен.

Кош-Дөбө айылында көбүнчө басыз уруулары басымдуулук кылат. Басыз уруусу түштүктөн келген элдер. Бычан жайлоосу Баш-Корумду, Орто-Корумду жана Чет-Корумду деп бөлүнөт. Бул давандын (ашуу) берки бети. Даван десе эле ашуу, бел деп түшүнүшөт. Туура Даван ашуу. Бирок анын ашуулардан айырмасы – жайкысын гана ашсаң аша аласың, болбосо өтө албайсың. Кыскасы жайы-кышы дебей үстүндө кар, мөңгү жаткан ашууну Даван деп коюшат. Даван деген бизде гана бар», - деди Б.Күреңкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×