Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.09.2018 11:31

Болот Акуналиев Ак-Талаа райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо жана жекелештирүү бөлүмүнүн башчысы болду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн (ЗАГС) башчылыгына 31 жаштагы Болот Акуналиев дайындалды.

Акуналиев Болот Аскарбекович 1987-жылы 8-августта Чолок-Кайың айылында туулган. Үй-бүлөлүү.

Билими:

1994-жылдан 2003-жылга чейин аталган айылдагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде 9-класска чейин билим алып, андан соң 2003-2007-жылдары Бишкектеги Гидротехникалык техникумдун жерге жайгаштыруу кесибине ээ болуп чыккан. Буга катар эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясын сырттан окуп бүтүргөн. 2010-жылы Кыргыз агрардык университетин артыкчылык диплому менен аяктап, КРдин президентине караштуу башкаруу академиясынын жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка даярдоо курсунда билим алып чыккан.

Эмгек жолу:

- 2011-2012-жылдары Ак-Талаа райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүндө юрист-каттоочу. Ушул эле кызматта иштеп турганда Жерге-Талдык айылдык кеңешинин депутаты болгон;

- 2012-2014-жылдары райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис, сектор башчы;

- 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн адиси, Нарын, Ысык-Көл облусу боюнча куратору;

- 2017-2018-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын «Жаш мамлекеттик кызматкер» номинациясынын жана райондук, облустук ардак грамоталардын ээси болууга жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×