Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.10.2018 10:28 На русском

Ак-талаалык балбан кыз Калмира Казакстандагы эл аралык мелдеште алтын тагынды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын балбан кызы Билимбек кызы Калмира Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынгандыгын машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Казакстандын Түркистан шаарында өспүрүм улан-кыздар арасында эркин күрөш боюнча күч сынашууга түшкөн Билимбек кызы Калмира 50 килограмм салмактагылар арасында 5 балбан кыз менен күрөштү. Жыйынтыгында бардык каршылаштарынын үстүнөн 1 мүнөткө жеткирбей жеңишке жетишүү менен алтын медаль тагынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×