Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.10.2018 21:09 На русском

Ала-Буга дарыясындагы чоң көпүрө кулап калуу коркунучунда турат, - тургундар (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Ала-Буга дарыясынын алабындагы стратегиялык маанидеги көпүрөнүн сол ныптасын суу жеп жатканын жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, Баетов—Макмал автоунаа жолунун 75-чакырымындагы чоң көпүрөнүн түбүн суу жеп, көпүрө кулап калуу коркунучунда турат.

Райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков учурда көпүрөнү сактап калууга аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

«Бул көпүрө 1987-жылдары курулган. Көпүрөнүн баш жагын 2-3 жылдан бери суу жеп, коркунуч жаралып жаткандыктан көпүрөнү коргоо үчүн 200 метр жерге дамба куруу керектигин билдиргенбиз. Өткөн жумада долбоорлоо институтунан атайын өкүлдөр келип, көпүрөнүн абалы менен таанышып кетишкен. Дамба куруу боюнча долбоор жазып жатабыз. Долбоор ишке ашып, титулдук баракчага киргизилип калса кийинки жылы дамба курабыз», - деди Т.Абдылдабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×