Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.10.2018 11:04

Ак-Талаанын Ак-Тал айылындагы мектеп менен клуб 2 млн сомго оңдолууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы 2 объекти 2 млн сомго оңдоодон өткөрүлүп жатат.

Маалым болгондой, Швейцария өлкөсүнүн өнүктүрүү саясаты институту тарабынан аталган айылдагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектеби жана айылдык клуб 2 млн сомго оңдоодон өткөрүлүүдө. 1 млн сомго мектептин алдына таштаман төшөө жана видеокөзөмөл орнотуу иштери жүрүп жатса, айылдык клубдун айланасын тосуу, эшик-каалгаларын заманбап материал менен жаңыртуу, клубга улай жайгашкан спорт залды капиталдык оңдоодон өткөрүү ишке ашырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×