Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.10.2018 16:26

Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылында гүлбакча курулуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында гүлбакча курулуп, ачылыш аземи белгиленди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Алдеев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата демөөрчүлөр жана айыл тургундары каражат чогултуп, 1 млн сомго чукул каражатка гүлбакча курулду. Гүлбакчанын ачылыш аземине экс-министр Мукаш Базаркулов, Нарын облусунун башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, район акими Нурбек Молдокадыров, коомдук бирикмелердин төрагалары, жазуучу Ш.Бейшеналиевдин замандашдары, жазуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Өзүбүздүн айылдан чыккан залкар жазуучу атабыздын 90 жылдыгына карата элдин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 13 сотых аянтка гүлбакча куруп алдык. Негизи гүлбакчанын жалпы сметалык баасы 3 млн сомду түздү. Бирок мынча каражат жок болгондуктан табигый кылып жасадык. Таштамандардын ордуна жалпак таштарды төшөдүк. Гүлдүн түрү отургузулду, отургучтар орнотулду. Ошондой эле, Ш.Бейшеналиевдин мемуары тургузулду жана башка иштер аткарылды», - деди айыл өкмөт башчысы.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө жазуучуга багышталып куран окулуп, гүлбакчанын курулушуна эмгек кылгандарга сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×