Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.10.2018 17:16

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылындагы жаңы конушка электр жарыгы туташтырылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы жаңы конушка электр жарыгы киргизилгенин айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын күн чыгыш тарабына Тынчтык жаңы конушу түптөлгөн. Жаңы конушта жашап жаткан 30га чукул түтүн элди электр жарыгы менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 450 миң сом каражат бөлүндү.

«Бөлүнгөн каражатка жаңы 23 электр мамысын сатып алдык. Ага 200 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Андан сырткары 1 чакырым аралыкка жеткидей электр чубалгыларын сатып келдик. Ошондой эле электр мамыларын орнотуу, чубалгыларын тартуу иштерин райондук электр тармагы ишканасы аткарып жатат. РЭСтин техникаларынын күйүүчү майын бөлүнгөн каражаттын эсебинен камсыздап жатабыз», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×