Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.10.2018 12:07

Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылында жазуучу Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында залкар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата илимий конференция өткөрүлгөндүгүн айыл өкмөт башчысы Руслан Алдеев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 19-октябрь күнү балдар жазуучусу Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгы туулуп өскөн кичи мекенинде белгиленип, ага карата илимий конференция өттү. Жазуучунун 90 жылдыгына Ак-Талаадан чыккан коомдук ишмерлер Мукаш Базаркулов, Кубат Осмонбетов, Дөөлөтбек Берикбаев, облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, район акими Нурбек Молдокадыров жана жазуучунун замандаштары, жазуучулар катышты. Конференциянын жүрүшүндө Ш.Бейшеналиевдин чыгармаларынан көркөм окулуп, сахналаштырылган сценкалар көргөзүлүп, ошондой эле жазуучунун китептери, өздүк сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду.

Андан сырткары, Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгына арналган гүлбакчанын ачылыш аземи белгиленип, жазуучунун мемуары тургузулду. Конференция чакан концерттик программа менен коштолду.

Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Ал кыргыз элинин көрүнүктүү прозаиги, драматургу жана балдар жазуучусу катары дүйнөгө таанымал. Анын чыгармалары көптөгөн мамлекеттерде ар кыл тилдерде жарык көргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×