Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.10.2018 15:58 На русском

Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын имараты оңдоодон өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын имараты ондоодон өткөрүлгөндүгүн башкармалыктын башчысы Дастан Күйкеев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, көп жылдардан бери оңдоодон өтпөй келген аталган башкармалыктын имаратын оңдоого ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясы тарабынан 2018-жылга 769 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул каражатка имараттын чатыры жаңыртылып, сырты жылууланып, кооздук берүүчү шыбак менен шыбалып, кире беришине пластикалык витраж орнотулуп берилди. Ошондой эле, конференция залы, коридор жана архивдик, бир препарат сактоо бөлмөлөрү заманбап үлгүдө жасалгаланды.

«Буга чейин же тактап айтканда 2017-жылы дагы 600 миң 336 сом каражат бөлүнүп берилген. Ага каалга, терезелери алмаштырылып, 5 бөлмө заманбап үлгүдө жасалгаланган. Ошондой эле жылуулук системасы жаңыртылып жана айланасы темир тосмолор менен тосмолонгон. Андан сырткары бакчабызга жер-жемиштин түрүн жана өрүк, алма бактын көчөттөрүн отургузганбыз», - деди Д.Күйкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×