Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.10.2018 16:18

Кара-Бүргөн айылынын 60 жылдыгына карата улуттук оюндардын 6 түрү боюнча мелдеш өтөт

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата айыл аймактар аралык улуттук оюндардын 6 түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучу Урматбек Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш жаштарды ар намыстуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо, биримдикке жана ынтымакка үндөө максатында, эң негизгиси айылдын 60 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Кыргыз күрөш, көк бөрү, аламан жарыш, жорго салыш, кунан чабыш жана тогуз коргоол боюнча мелдеш өтөт. Кыргыз күрөшкө салмагы 60, 70 жана 75 килограммдан жогорку балбандар катышат. Мелдешке ар бир айылдын спорт сүйүүчүлөрү катыша алат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

«Айылдын 60 жылдык мааракесин белгилөө астында турабыз. Буга карата маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Катышуучулар аламан жарышка 500 сомдон, көк бөрүгө ар бир команда 2000 сомдон, кунан чабыш жана жорго салышка 500 сомдон мүчөлүк акы (взнос) төлөшөт. Ошондой эле тогуз коргоолго 14 жаштан жогорку улан-кыздар катыша алышат. Тандоо туру 19-октябрда, финалдык бөлүгү 20-октябрь күнү өткөрүлөт», - деди У.Токтоболотов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×