Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.10.2018 17:34

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында оңдоодон өткөн күрөш зал пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында күрөш залы ачылганын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 19-20-октябрь күндөрү аталган айылдын 60 жылдык мааракеси белгиленип, ага карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Мааракени утурлай айылдын тургундары тарабынан аталган күрөш зал оңдоп-түзөөдөн өтүп, тиешелүү жабдуулар алынды.

«Зал көп жылдардан бери каралбай турган эле. Шаардагы байкелер колдоо көрсөтүп, залыбызды ачып алдык. Бул жерде 60ка чукул спортчуну окутуп, машыктырганга чоң өбөлгө түзүлдү», - деди спортчу К.Бообеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×