Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.10.2018 21:05 На русском

Ак-Талаанын Терек айылында 2,4 млн сомго футбол аянтчасы курулууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылында 2 млн 400 миң сомго футбол аянтчасы курулуп жатканын айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аянтчанын курулушуна каражат Аймактарды өнүктүрүү жылына карата түрткү берүүчү гранттын эсебинен бөлүнгөн. Бул каражаттын ичинен 406 миң сом өздүк салымдын эсебинен каржыланды.

«Жаштарды спортко тартуу максатында курулуп жаткан футболдук аянтчанын 90 пайызы бүтүп калды. Курулуш иштерин тендерден утуп алган компания жүргүзүүдө», - деди айыл өкмөт башчысы.

IMG-20181022-WA0075

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×