Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.10.2018 09:37

Кара-Бүргөнгө 60 жыл: Спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын 60 жылдык мааракесине карата өткөн улуттук спорт оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 19-20-октябрь күндөрү аталган айылдын мааракесине арналып, көк бөрү, аламан жарыш, кунан чабыш, жорго салыш, кыргыз күрөш жана эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Көк бөрү боюнча оюнда 7 команда күч сынашты.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы камсыздап, байгесине 20 миң сом, 1 тай жана медаль, диплом алды;
- 2-орунду ээлеген Кара-Бүргөн айылынын командасы 20 миң сом жана медаль, диплом менен сыйланды;
- 3-орунду багындырган Ак-Кыя айылынын командасы 10 миң сом жана медаль, диплом менен сыйланды;
- 4-орунду ээлеген Чолок-Кайың айылынын командасы 5 миң сом, диплом жана медаль алды.

Аламан жарышка 10 күлүк түштү.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орунга Бейшенаалы Мырзалымбековдун күлүгү келип, ээси 15 миң сом (Баетов айылы) менен;
- 2-орунга Жеңишбек Абыловдун күлүгү келип, ээси 5 миң сом менен;
- 3-орунга Эркинбек Бабыгуловдун күлүгү келип (Коңорчок айылы), ээси 3 миң сом менен сыйланышты.

Жорго салышка 4 жорго түштү.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орунга Токо Шамшиевдин жоргосу келип (Тоголок Молдо айылы), 5 миң сом менен;
- 2-орунга Жумагазы Акматовдун жоргосу келип (Кара-Бүргөн айылы), 3 миң сом менен;
- 3-орунга Бактыбек Ажыбаевдин жоргосу келип, 2 миң сом менен сыйланышты.

Кунан чабышка 7 кунан жарышты.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орунга Мунарбек Карагуловдун жоргосу (Тоголок Молдо айылы);
- 2-орунга Сейитбек Бугубаевдин жоргосу (Тоголок Молдо айылы);
- 3-орунга Азимбек Нурмамбетовдун жоргосу келип (Ак-Кыя айылы), ээлери акчалай байгелерге ээ болушту.

Кыргыз күрөшүнүн жеңүүчүлөрү:

60 килограмм салмакка чейинкилер арасында:

- 1-орун Бекболот уулу Алмаз, 3 миң сом;
- 2-орун Толкунбек Болотбеков, 2 миң сом;
- 3-орун Нурсултан Нургушаев, 1 миң сом.

70 килограммдан 75 килограмм салмактагылар арасында:

- 1-орун Кубат Бообеков, 3 миң сом;
- 2-орун Кылычбек уулу Нурсултан, 2 миң сом;
- 3-орун Рахатбек уулу Шүкүрбек, 1 миң сом.

75 килограмм салмактан жогоркулар арасында:

- 1-орун Иманбек Капарбеков, 3 миң сом;
- 2-орун Алмаз Соодонбеков, 2 миң сом;
- 3-орун Эрнисбек уулу Жылдызбек, 1 миң сом жана 60 жылдык юбилейлик медаль жана диплом менен сыйланышты.

Ал эми мааракеге арналган спорттук мелдештин 2-бөлүгү Кара-Бүргөн айылынын спорт сүйүүчүлөрү арасында уланды.

Эркин күрөштүн жеңүүчүлөрү:

33 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Максатбек уулу Нурэл, 500 сом;
- 2-орун Жакшылык уулу Момбек, 300 сом;
- 3-орун Бактыбек уулу Мыктыбек, 200 сом.

39 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Урматбек уулу Жакшылык, 500 сом;
- 2-орун Эсен Сулайманов, 300 сом;
- 3-орун Союзбек уулу Жаныш, 200 сом.

50 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Нурлан уулу Нурболот, 500 сом;
- 2-орун Болотбек уулу Толкунбек, 300 сом;
- 3-орун Рахатбек уулу Нурсултан, 200 сом.

58 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Данил уулу Жайыл, 500 сом;
- 2-орун Сагынбек уулу Олжобай, 300 сом;
- 3-орун Нарынбек уулу Алтынбек, 200 сом.

65 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Ренат Кубанычбеков, 500 сом;
- 2-орун Нурсултан Нургушаев, 300 сом;
- 3-орун Иса уулу Дайыр, 200 сом.

27 жарым кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Азирет Саякбаев, 500 сом;
- 2-орун Дамир Майрамбеков, 300 сом;
- 3-орун Чыңгыз Турдубеков, 200 сом, медаль жана диплом менен сыйланышты.

Волейбол мелдешине жаш курактар боюнча күч сынашты.

- 1-орунду 1990-жылы туулган жигиттер камсыздап, 20 миң сом;
- 2-орунду 1989-жылы туулган жигиттер ээлеп, 15 миң сом;
- 3-орунду 1987-жылы туулган жигиттер багындырып, 10 миң сом, юбилейлик медалдар жана диплом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×