Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.10.2018 14:02

Ак-Талаадагы Кара-Бүргөн айылынын 60 жылдык мааракесинен фоторепортаж

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын 60 жылдык мааракеси белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айылдын 60 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасы активист жаштардын жана демөөрчүлөрдүн аракети менен ишке ашты. Айылдын жигиттери 10 000 сомдон, ал эми демөөрчүлөр өзүнүн каалаган каражатын чогултуп беришкен.

19-октябрь күнү бир катар улуттук оюндардын тандоо туру «Тай сарай» ат майданында башталса, кыргыз күрөшү боюнча мелдеш күрөш залында өтүп, ага бир катар айылдардын спортчулары катышты. 20-октябрь күнү Адылбек Кыязов атындагы айылдык клубда 60 жылдык мааракенин ачылыш аземи башталып, ага район бийлигинин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жеке ишкерлер, айыл аксакалдары, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты. Анын жүрүшүндө маркумдарга багышталып куран окутулду. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды. Мындан кийин бир катар адамдар айылдын тарыхы, жетишкендиктери жана кемчиликтери туурасында өз ойлорун ортого салышты. Ошону менен бирге эле куттуктоолорун билдирүү менен уюштуруучуларга ыраазычылык айтышты. Андан соң демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оңдоп-түздөлүп, керектүү жабдуулар менен камсыз болгон күрөш залынын ачылышы жасалды. Келген меймандарга арналып мал союлуп, сый дасторкон уюштурулуп, коноктор Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинде түштөндүрүлдү.

Мааракени утурлай Таалайбек Төлөев атындагы сейил бактын ачылыш аземи өтүп, «Тай сарай» ат майданында спорттук оюндардын финалдык туру өттү. Улуттук оюндар аяктаган соң, маараке айылдык мектептин футболдук аянтчасында спорттун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана маданий иш-чаралар, концерттик программалар менен уланды. Маданий иш-чараны башынан аягына чейин режиссёр Тынчтык Бугучиев уюштуруп, анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр, кыргыз элинин тарыхы жана айылдын түзүлгөндүгүнүн тарыхы сахналаштырылып көрсөтүлдү. Мындан тышкары, М.Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучулары арасында айыл туурасында дилбаян жазуу, ыр жазуу жана көркөм сүрөт тартуу боюнча сынак өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×