Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.10.2018 11:21 На русском

Кыргыз милициясынын биринчи генерал айымы болгум келет, - «Погончон айым» сынагынын жеңүүчүсү Бермет (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында 18-октябрда күч структуралары арасында «Погончон айым» сынагы өтүп, анда 22 жаштагы Нарынбек кызы Бермет жеңүүчү болгон эле.

Аталган сынак М.Рыскулов атындагы драм театрында болуп өткөн. Жалпысынан аталган сынакка Нарын ОИИБден 2 айым, ӨКМдин облустагы башкармалыгынан 1 айым жана чек ара кызматынан 1 айым катышкан. Сынактын шартына ылайык «Мен күчтүүмүн», «Мен ар кандаймын», «Тамак-аш жасоо», «Мен ырдайм жана бийлейм», «Мен баары бир аялмын» темалары боюнча күч сынашкан эле. Бул жолу аймактык кабарчы Нарынбек кызы Бермет менен маектешти.

Нарынбек кызы Бермет Ак-Талаа районуна караштуу Коңорчок айылында 1996-жылдын 24-январында төрөлгөн. 6 бир туугандын эң кичүүсү, 4 эжеси жана 1 байкеси бар. 2014-жылы Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектепти аяктаган. Ушул эле жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына тапшырып, аны 2018-жылы аяктаган. Ушул жылдын июнь айынан бери Ак-Талаа РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору болуп иштеп келет.

«Биздин үй-бүлөдө күч органында иштеген эч ким жок. Милиция болуу өзүмдүн кичине кезимден бери келе жаткан кыялым. Мага форма кийип, тыкан жана таза жүргөн милиция кызматкерлери жакчу. Кийин мен дагы ушинтип форма кийип, элдердин укуктарын коргойм деп ойлончумун. Буюрса тилегиме жеттим деп ойлойм. Ата-энем милиция кызматкери болуума каршы болушкан жок. Тескерисинче түрткү беришип, окууга өтүшүмө жардам беришти. Мындан тышкары бул кызматты тандоомдун себеби спорт менен быйланыштуу болду. Анткени, жеңил атлетика боюнча көптөгөн мелдештерде баш байгелерди жеңип келгем. Ошондой эле жеңил атлетика боюнча ИИМдин 3 жолку чемпиону болгом», - деди ал.

Нарынбек кызы Бермет: «Аталган сынакка катышуума кесиптештерим түрткү болду. Ата-энем да катышып көр деп айтышты. Өзүм дагы оюмда катышууну туура көрүп, күчүмдү сыноону чечтим. Келечекте кызматымдын арты менен полковник, өлкөдөгү биринчи генерал айым болууга, ошол эле учурда үй-бүлөмө да көңүл бурууга жетишүүгө аракет кылам. Азырынча жеке жашоо тууралуу ойлоно элекмин, жок дегенде эки-үч жыл иштеп, андан соң үй-бүлө күтүүнү ойлонуштура баштайм. Азыр жашмын, иштешим керек», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×