Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.10.2018 12:39

Ак-Талаанын Үгүт айылында комсомолдун 100 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылында Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзунун (ВЛКСМ) 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 25-октябрь күнү аталган айылдагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде 100 жылдык маараке белгиленип, ага райондук жана облустук бийликтин өкүлдөрү, мурунку комсомолдор, райондогу жалпы орто мектептин директорлору жана окуучулар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө комсомолдордун убагында аткарылган иштер, алардын коомдогу ролу, мамлекетке тийгизген таасирлери жана башкалар айтылды. Андан сырткары комсомолдор тууралуу окуучулар жана мугалимдер тарабынан дубал гезиттер чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×